26-июль: Акчаны сүйүү деген эмне?

Jakshy Kabar Media

26-июль: Акчаны сүйүү деген эмне?

26-июнь
Акчаны сүйүү деген эмне?
Жон Пайперден насаат сөз

«Анткени бүт жамандыктын тамыры – акча жандуулук».

1 Тиметей 6:10

Пабыл бул аят менен эмнени айткысы келген? Ал биз күнөө кетиргенибизде, оюбузда дайыма акча болорун айтпаса керек. Акча жөнүндө ойлобогон учурда деле көп күнөө кетирет эмеспизби.

Мен муну мындай түшүнөм: Пабыл бул дүйнөдөгү бардык жамандык өзгөчө бир абалдагы жүрөктөн, тагыраак айтканда, акчаны сүйгөн жүрөктөн чыгарын айткысы келген.

Анда акчаны сүйүү деген эмнени билдирет? Кадимки кагаз акчаны же жез тыйынды жакшы көрүү дегенди билдирбейт. Акчаны сүйүү эмнени билдирерин түшүнүү үчүн, «Акча – бул эмне?» деген суроо жөнүндө ой жүгүртүшүбүз керек. Мен бул суроого мындайча жооп бермекмин: Акча – бул жөн эле адам ээ болгон каражаттардын символу. Акча биз Кудайдан эмес, башка адамдардан ала алган нерсени билдирет.

Кудай акчаны эмес, ырайымды колдонот: «Суусагандар, баарыңар сууга келгиле! Атүгүл, күмүшү жоктор, силер да келгиле, сатып алып жегиле» (Ышайа 55:1). Акча – бул адамдардын каражаттарына ээ кылдырган кагаз. Демек, акчаны сүйгөн жүрөк – бул адамдык каражаттар бере алган нерселерге үмүт кылган, ошолордон ырахат алганга умтулган жана ошолорго таянган жүрөк.

Демек, акчаны сүйүү деген чындыгында акчага ишенүүнү, б.а. акча муктаждыктарыбызды толтуруп, бизди бактылуу кыла аларына ишенүүнү (ага үмүттөнүүнү, таянууну, бекем ишенүүнү) билдирет.

Акчаны сүйүү – Кудайдын ырайымына болгон ишенимдин ордун баскан нерсе; ал адамдын келечектеги каражаттарына ишенүүнү, ошол каражаттарга акча менен ээ боло аларыбызга ишенүүнү билдирет. Ошондуктан акчаны сүйүү же акчага ишенүү – бул Кудайдын убадаларына ишенбегендиктин белгиси. Матай 6:24-аятта Ыйса: «Эч ким эки кожоюнга кул боло албайт… Бир эле учурда Кудайга да, байлыкка да кызмат кыла албайсыңар», – дейт.

Бир эле убакта Кудайга да, акчага да ишенүү мүмкүн эмес. Булардын бирине ишенгенибиз экинчисине ишенбегенибизди билдирет. Акчаны сүйгөн жүрөк, б.а. акча бактылуу кылат деп үмүттөнгөн жүрөк, Кудай биздин жандарыбызды канааттандыруу үчүн Ыйсада сунуш кылган нерселердин эч бирине ишене албайт.

«Келечектеги ырайым» китебинен алынды (323-324-беттер).