25-июль: Шайтандын стратегиясы жана биздин коргонуубуз

Jakshy Kabar Media

25-июль: Шайтандын стратегиясы жана биздин коргонуубуз

25-июнь
Шайтандын стратегиясы жана биздин коргонуубуз
Жон Пайперден насаат сөз

«Эстүү жана сергек болгула. Силердин душманыңар шайтан кимди жутуп жиберсем деп, айкырган арстан сыяктуу тегеренип жүрөт. Ага бекем ишенимиңер менен каршы тургула».

1 Петир 5:8-9

Биздин жаныбыздын эң чоң эки душманы – күнөө менен шайтан. Күнөө – эң жаман душман, себеби шайтан бизди күнөөгө түртүү жана тобо кылдырбоо аркылуу гана жок кыла алат. Бизди түбөлүккө тозокко кетирген бир гана нерсе – бул шайтан эмес, а кечирилбеген күнөө.

Кудай шайтанга бизди Аюп сыяктуу денелик азапка салганга же болбосо Смирнадагы ыйыктар сыяктуу өлтүргөнгө гана жол бериши мүмкүн (Аян 2:10). Бирок шайтан бизди түбөлүккө соттой албайт же түбөлүк өмүрүбүздү тартып ала албайт. Анын бизге түбөлүккө зыян тийгизе алган жалгыз жолу – бизди күнөө кылганга азгыруу жана тобо кылуубузга тоскоолдук кылуу. Ал дал ушундай кылганга умтулат.

Демек, шайтандын негизги иши – күнөө кылганга колдоо көрсөтүү, түрткү берүү, жардам берүү, кызыктыруу жана күнөөгө жакындыгыбызды күчөтүү; ошондой эле, бизди ишенимден жана тобо кылуудан алаксытуу.

Муну Эфестиктер 2:1-2-аяттан көрсөк болот: «Кылмыштарыңардын жана күнөөлөрүңөрдүн айынан өлгөн силер бир кезде… абада бийлик кылып жаткан төрөнүн… каалоосу боюнча жашачусуңар». Күнөө кылуу шайтандын бул дүйнөдөгү бийлигине “ылайык” ишке ашат. Ал адеп-ахлактык жактан бузукулукту же жаман иштерди күнөө аркылуу ишке ашырат. Биз күнөө кылганыбызда, анын аймагына кирип кетебиз. Анын каалоосуна ылайык иш кыла баштайбыз. Күнөө кылганыбызда, шайтанга орун беребиз (Эфестиктер 4:27).

Акыркы сот күнүндө биздин түбөлүккө соттолуубузга себепкер боло алган жалгыз нерсе – бул кечирилбеген күнөө; ооруу-сыркоо да, азап-кайгы да, куугунтук да, коркутуп-үркүтүү да, көзгө көрүнгөн арбактар да, жаман түштөр да эмес. Шайтан муну билет. Ошондуктан ал негизги күчүн машаякчыларды кандайдыр бир адаттан сырткаркы кубулуштар менен коркутууга жумшабайт (бирок мындай нерселер да көп болот). Шайтан күчүн модага айланган пайдасыз нерселерге жана жаман ойлорго түртүү аркылуу адеп-ахлактык жактан бузууга жумшайт.

Шайтан бизди ишенимде бекем болбой, алсырап турган кезибизде тузагына түшүргүсү келет. Андыктан шайтан жок кылгысы келген нерсенин өзү менен анын иш-аракеттерине каршы турушубуз керек. Ошондуктан Петир: «Ага бекем ишенимиңер менен каршы тургула», – дейт (1 Петир 5:9). Ушул себептен Пабыл да «амалкөйдүн оттуу жебелеринин баарын» өчүрүү үчүн «ишенимди калкан кылып» алуу керектигин айтат (Эфестиктер 6:16).

Шайтанга өз ишин аткарганга жол бербөө үчүн, ал талкалаганга эң көп аракет кылган нерсени – ишенимибизди бекемдешибиз керек.

«Келечектеги ырайым» китебинен алынды (321-323-беттер).