24-июль: Ыйса Өзүнүн койлорун коргойт

Jakshy Kabar Media

24-июль: Ыйса Өзүнүн койлорун коргойт

24-июнь
Ыйса Өзүнүн койлорун коргойт
Жон Пайперден насаат сөз

«Анан Ыйса Теңир Петирге: “Шымон, Шымон! Шайтан силерди калбырдан буудай сыяктуу өткөрүүнү суранды. Бирок ишенимин жоготпосун деп, Мен сен үчүн сыйындым. Кайра кайрылганыңдан кийин, бир туугандарыңдын ишенимин бекемде”, – деди».

Лука 22:31-32

Петир Ыйсадан үч жолу баш тартып, катуу мүдүрүлсө да, Ыйсанын ал үчүн болгон сыйынуусу аны тура албас болуп кулагандан сактап калган. Ыйсанын сыйынуусу Петирге өзүнүн катасын түшүнүп, өксүп ыйлаганга, андан соң кайра кубанычка жана эр жүрөктүккө толгонго жардам берген. Ал канчалык эр жүрөк болуп калганын Элүүнчү Күн майрамында айткан насаатынан байкасак болот. Биз да ишенимден кайтып кетпешибиз үчүн, бүгүн Ыйса биз үчүн арачылык кылып жатат. Римдиктер 8-бөлүм 34-аятта Пабыл ушундай дейт.

Ыйса Өзүнүн койлорун коргой турганын жана алардын бирөөсү да өлбөй турганын убада кылган: «Менин койлорум Менин үнүмдү угушат. Мен аларды тааныйм, алар Мени ээрчишет. Мен аларга түбөлүк өмүр берем, алар эч качан өлүшпөйт. Аларды Менин колумдан эч ким тартып ала албайт» (Жакан 10:27-28).

Кудай койлордун ишенимин сактагандыктан, ушундай болот. «Силерде баштаган жакшы ишин Кудай Ыйса Машаяктын күнүнө чейин аягына чыгарарына бекем ишенем» (Филипиялыктар 1:6).

Кудай бизди ишеними үчүн өздөрү күрөшсүн деп таштап койбойт. «Анткени Кудай силердеги тилекти да, аракетти да Өзүнүн жакшы ниети боюнча жаратат» (Филипиялыктар 2:13).

Кудайдын Сөзү бизге кепилдик берет: эгерде биз Кудайдын балдары болсок, анда Ал Өзүнүн эрки аткарылышы үчүн, Ыйса Машаяк аркылуу бизде Өзүнө жага турганды жаратып, бизди ар кандай жакшы ишке жөндөмдүү кылат (Эврейлер 13:21).

Биз ишенимибизди жана кубанычыбызды жоготпой, аягына чейин чыдай турганыбыздын себеби биздин тагдырыбыз Кудайдын колунда болгондугунда. Албетте, биз өзүбүз да күрөшүшүбүз керек. Бирок ушул күрөшүбүздү да Ал биздин ичибизде Өзү жүргүзөт. Римдиктер 8-бөлүм 30-аятта айтылгандай, Кудай кимдерди актаган жана даңктаган болсо, алар үчүн Ал сөзсүз ушундай кыларына бекем ишенсек болот. Кудай тарабынан акталгандардын даңкталышы эбак эле ишке ашкан нерсе десек болот.

Ал кимдерди ишенимге алып келип, актаган болсо, алардын эч бири жоголбойт.

«Келечектеги ырайым» китебинен үзүндү (317-318-беттер).