2-июль: Сиз Кудайды канчалык жакшы билесиз?

Jakshy Kabar Media

2-июль: Сиз Кудайды канчалык жакшы билесиз?

2-июнь
Сиз Кудайды канчалык жакшы билесиз?
Жон Пайперден насаат сөз

«Мына, Кудай улуу, ошондуктан биз Аны таанып биле албайбыз; Анын жылдарынын саны изилденгис».

Аюб 36:26

Кудайды өтө эле жакшы билүү мүмкүн эмес. Ал – эң маанилүү жана тирүү инсан, себеби Ал башка бардык нерселерди жараткан жана алардын кандай гана баркы болбосун, анын баарын Ал берген.

Башка тирүү жандарга күчтү, акылды, жөндөмдү жана сулуулукту Ал берген. Кандай гана тараза менен өлчөбөйлү, Ал биз билген жана уккан эң жакшы адамдан да алда канча жакшы.

Ал чексиз болгондуктан, Анын кызыктуулугу да эч качан түгөнбөйт. Андыктан Анын зеригиштүү болушу мүмкүн эмес. Анын эң акылдуу жана эң кызыктуу иштери ашып-ташып турат жана тынымсыз көрсөтүлүп турат.

Ырахат тартуулаган бардык жакшы нерселердин булагы катары, Ал бизди толугу менен канааттандыра алат. Эгерде биз Анын ушундай экенин өз тажрыйбабызда көрбөгөн болсок, демек биз же өлүкпүз же сокурбуз же басып жүрсөк да уктап жатабыз.

Ошондуктан бул дүйнөдө адамдардын Кудайды таанууга ушунчалык аз аракет кылганы абдан өкүнүчтүү.

Муну Кошмо Штаттардын өлкө башчысы сиз менен чогуу бир ай жашаганы келсе, сиздин анын жанынан күн сайын “Саламатсызбы!” деп эле өтүп кетип калганыңызга окшоштурсак болот. Же болбосо жарыктын ылдамдыгы менен күндү тегеректеп жана күн системасында саякаттап жүргөнүңүздү, бирок терезеден сырттагы кооздукту карабай, компьютер оюнун ойноп отурганыңызды элестетиңиз. Же болбосо эң мыкты актёрлор, ырчылар, спортчулар, жаңы нерсе ойлоп табуучулар жана окумуштуулар өз өнөрлөрүн көрсөткөн мааракеге чакыруу алганыңызды, бирок сыналгыдан сезондун акыркы сериалын өткөрүп жибербөө үчүн ал чакыруудан баш тартканыңызды элестетиңиз.

Келиңиз, чексиз улуу Кудайыбыз биздин жүрөктөрүбүздү Өзүнө тартып, көздөрүбүздү ачсын, Аны колубуздан келишинче толук таанып калалы жана Аны дагы да көбүрөөк тааныганга умтулалы деп чогуу сыйыналы.

«Кудайга кубаныч тартуулаган нерселер» китебинен алынды (15-16-беттер).