14-апрель: Анын даңкы үчүн сыйынгыла

Jakshy Kabar Media

14-апрель: Анын даңкы үчүн сыйынгыла

14-апрель
Анын даңкы үчүн сыйынгыла
Джон Пайперден насаат сөз

Силер болсо мындай сыйынгыла: «Асмандагы Атабыз! Сенин ысымың ыйык тутулсун!»

Матай 6: 9

Ыйык Жазууда көп жолу Кудай бардыгын «Өз ысымы үчүн» кылат деп жазылган.

Ал мени Өзүнүн ысымы үчүн адилдик жолуна салат (Забур 22:3).

Өз ысымың үчүн, Теңир, күнөөмдү кечир, анткени менин күнөөм чоң (Забур 24:11).

Аларды Өзүнүн ысымы үчүн куткарды (Забур 105:8).

Өзүмдүн ысымым үчүн Мен каарымды кийинкиге калтыргам (Ышайа 48:9).

Силердин күнөөлөрүңөр Машаяктын ысымынын урматына кечирилген (1 Жакан 2:12).

Ушул айтылган бардык сөздөргө ылайык, Кудайга чынында эмне жагат? Кудайга Анын ысымын таанып билүү жана Аны урматтоо жагат.

Биринчи жана эң маанилүү сыйынуу бул: “Сенин ысымың ыйык тутулсун!” Мен муну буга чейин «Аллилуйя! Кудайга алкыш!» деген сыяктуу жар салуу деп ойлочумун. Бирок бул жар салуу эмес, өтүнүч. Чынында бул этиштин же буйрук сүйлөмдүн бир түрү.

Теңирим, Сенин ысымың даңкталсын деген бул менин өтүнүчүм, сыйынуум. Теңирим, ушундай болсун! Адамдар Сиздин атыңызды даңкташсын. Ошон үчүн мени колдонуңуз деп мен Сенден ушуну өтүндүм.

Кудай көптөгөн адамдардын Анын ысымын «ыйык тутушун» каалайт. Ошон үчүн Анын Уулу Ыйса машаякчыларга ушул тууралуу сыйынууга үйрөткөн. Чындыгында, Ыйса бул сыйынууну эң биринчи орунга койгон. Анткени бул Атанын эң биринчи жана улуу каалоосу.

“Теңир! Көптөгөн адамдар Сенин ысымыңды ыйык тутушуна түрткү бер. Барган сайын көбүрөөк адамдар Сенин ысмыңды урматтап, суктанып, барктап жана макташсын.”

Демек, бул миссионердик сыйынуу экенин көрө аласыз. «Кудайдын ыракаты» аттуу насаат сөздөн үзүндү, 82-бет.