13-апрель: Көз жашыңызга айтыңыз

Jakshy Kabar Media

13-апрель: Көз жашыңызга айтыңыз

13-апрель
Көз жашыңызга айтыңыз
Джон Пайперден насаат сөз

Көз жаш төгүп сепкендер кубанып оруп алышат. Үрөндөрүн талаага ый менен көтөрүп баргандар боолорун кубаныч менен көтөрүп кайтышат.

Забур 125:5-6

Үрөн сепкендин эч кандай кыйынчылыгы жок. Оруп-жыюуга салыштырганда көп жумуш талап кылынбайт. Оруп-жыюу ишине болгон үмүт чоң болгондуктан, ошол күндөр кубанычтуу болот.

Бирок забурда «көз жаш» менен себүү жөнүндө айтылат. Анда айтылгандай, кимдир бирөө «үрөндөрүн талаага ый менен көтөрүп барышат» -дейт. Эмне үчүн алар ый менен сээп жатышат?
Себүү кайгылуу же кыйын иш эмес. Менин оюмча, кайгынын, ыйдын себүүгө эч кандай тиешеси жок. Жашоодо кандай гана кыйын жагдайлар болбосун, себүү – бул сөзсүз жасала турган иш.

Түшүм кыйынчылыктарыңарды жана бардык көйгөйлөрүңөрдү чечип алгыла деп күтүп отура бербейт. Ыйлайбызбы, боздойбузбу, кийинки кышта ачка калбайын десек, талаага чыгып, үрөн себишибиз керек.

Эгер ошентсек, анда забурдун «кубаныч менен оруп аласың» деген убадасы аткарылат. «Үйүңүзгө кубаныч менен жар салып, боолоруңузду өзүңүз менен кошо алып келесиз».

Бул нерсени эсиңизден чыгарбаңыз; көз жаш менен себүү деген оруп-жыюуда кубаныч алып келбейт, бирок себүүнүн өзү жемиш алып келет, себеби көз жашыңыз, кыйынчылыктар үрөн себүүдөн баш тартууга түрткү болгонуна карабай сиз үрөн сепкенсиз.

Ошентип, бул биз үчүн сабак: Жөнөкөй иштерди аткарууда сиз кайгыга толуп, көз жашыңыз тез эле агып жатса да, алдыны карап, көз жаш менен болсо да жасай бериңиз. Чынчыл болуңуз. Көз жашыңызга мындай деп айтыңыз: “Көз жаш, мен сени сезип жатам. Сен менин кыйынчылыктан баш тартуумду каалайсың. Бирок себиле турган жерлер бар (идиш-аяк жууш керек, унаа оңдоо, насаат жазуу)».

Андан кийин, Кудайдын сөзүнүн негизинде мындай деп айтыңыз: “Көз жашым, сен мени менен түбөлүк калбай турганыңды билем, ошондуктан төгүл, агыл.”

Мен өз ишимди көз жаш менен аткарганым акыры бата алып келет. Бирок мен азырынча аны көрө элек, же толугу менен сезе элек болсом да – менин себүү ишимдин түшүмүн оруп-жыюу маалы акыры келет деп ишенем. Менин көз жашым кубанычка айланат».

“Көз жашыңарга айткыла” аттуу насаат сөздөн үзүндү.