12-апрель: Сиз акырында эч нерсени жоготпойсуз

Jakshy Kabar Media

12-апрель: Сиз акырында эч нерсени жоготпойсуз

12-апрель
Сиз акырында эч нерсени жоготпойсуз
Жон Пайперден насаат сөз

“Сакчыларды алгыла да, барып, өз билгениңердей кайтара бергиле.”

Матай 27:65

Ыйса өлүп жана мүрзөгө коюлгандан кийин, бир чоң ташты тоголотуп келип мүрзөнүн оозун жабышты. Фарисейлер Пилаттын алдына чогулуп, мүрзөнүн ташына мөөр басып жана аны кайтарууга буйрук берүүсүн суранышты.

Ошентип, алар колдорунан келген курулай аракеттерин жасашты. Бул аракет ошол кезде үмүтсүз болгон, азыр дагы үмүтсүз жана ар дайым үмүтсүз бойдон калат. Кандай гана болбосун, адамдар Ыйсаны төмөн түшүрө алышпайт. Алар Аны өлүк бойдон кармап тура алышкан жок.

Муну түшүнүү кыйын эмес: Аны өлүм кармай албагандыктан, Ал өлүмдөн бошонуп кетүүсү толук мүмкүн эле. Бирок Ыйса курчоого алынып, жалган жалаа, мазактоо, каралоо менен өлтүрүлүүгө Өзү жол берди.

“Атам Мени жакшы көрөт, себеби Мен Өз жанымды берип жатам. Мен аны кайра алыш үчүн берем. Жанымды Менден эч ким тартып албайт, Мен аны Өз эрким менен берем. Жанымды берүүгө да, кайра алууга да бийлигим бар. Муну Мага Атам осуят кылган” (Жакан 10:17-18).

Аны эч ким төмөн түшүрө албайт, анткени аны эч ким төмөн түшүрүп көргөн эмес. Ал өз убагы келгенде бул нерсеге даяр болуп, төмөн түшүп, басынып берген.

Көрүнүп тургандай, Ыйса жакшы нерсени аткаруу үчүн жерге көмүлүп, караңгыда укмуштай бир нерсе жасаган.

“Кудайдын Падышалыгын бул нерсеге салыштырууга болот: бир киши жерге үрөн себет. Ал түнкүсүн уктайт, күндүзү турат, үрөн болсо өнүп-өсө берет. Сепкен киши анын кантип өсүп жатканын билбейт” (Марк 4:26-27).

Дүйнө Ыйсаны өлгөн деп ойлойт, бирок Ыйса караңгыда жарыгын чачып жатат. “Чындыкты, силерге чындыкты айтып коёюн, эгерде буудайдын даны жерге түшкөндөн кийин өлбөсө, бирөө бойдон гана калат. Эгерде өлсө, көп түшүм берет” (Жакан 12:24).

«Жанымды Менден эч ким тартып албайт, Мен аны Өз эрким менен берем» – деп Ыйса Өзүнүн сөөгүн коюуга уруксат берди жана “Мен аны кайра алууга бийлигим бар” – деп айткандай, качан гана болбосун Ыйса ал бийлигин кайра ала алат.

“Бирок Кудай Аны өлүм кишенинен бошотуп, тирилтти, анткени өлүм Аны кармап тура алган жок” (Элч. 2:24).

Бүгүнкү күндө Ыйса “соолубас өмүрдүн күчү менен” Ыйык кызмат кылуучулук даражага ээ (Эвр. 7:16).

Жыйырма кылым бою, дүйнө курулай аракетин жасап келди. Алар Ыйсаны көргө коё алышпайт. Алар аны көрдүн ичине кармай дагы алышпайт. Аны чектей алышпайт. Ыйса тирүү жана каалаган жагында ар дайым эркин жүрө алат.

Кандай гана болбосун Ага ишенип, Аны менен чогуу жүрүңүз. Сиз акырында эч нерсени жоготпойсуз.

“Алар курулай эле болгон аракеттерин жасашты” насаат сөздөн үзүндү.