11-апрель: Улуу Падышанын шарабы

Jakshy Kabar Media

11-апрель: Улуу Падышанын шарабы

11-апрель
Улуу Падышанын шарабы
Жон Пайперден насаат сɵз

Ал биздин алсыздыгыбызга боору оорубаган Башкы ыйык кызмат кылуучу эмес. Ал биз сыяктуу бардык жагынан сыналган, бирок күнɵɵ кылган эмес. Биздин ушундай Башкы ыйык кызмат кылуучубуз бар.

Эврейлер 4:15

Мен эч кимден: «Жашоомдогу эң терең сабактарды жеңил жана ыңгайлуу мезгилдерде үйрɵндүм», – дегенин уккан эмесмин. Бирок мен күчтүү ыйыктардын: «Мен Кудайдын сүйүүсүнүн тереңдигин түшүнүү үчүн жана Аны менен терең мамиледе өсүү үчүн жасаган ар бир жетишкендигимди азап чегүү аркылуу үйрɵндүм», – дегенин уктум.

Бул Ыйык Жазууга ылайык чындык. Мисалы: «Машаякка ээ болуу үчүн, баарынан баш тарттым жана алардын баарын пайдасыз деп эсептейм» (Фил. 3:8).

Башкача айтканда: Иштесең, тиштейсиң. Же: Эгер бул мага Машаякка ээ болууга кɵбүрɵɵк мүмкүнчүлүк берсе, анда мунун баары курмандыкка берилсин.

Бул жерде дагы бир мисал: «Ал Кудайдын Уулу болгонуна карабастан, азап чегүү аркылуу моюн сунууга үйрɵндү» (Эврейлер 5:8). Ошол эле китепте ал эч качан күнɵɵ кылган эмес деп айтылат (Эврейлер 4:15).

Демек, тил алчаактыкка үйрөнүү тил албастыктан дароо эле тил алчаактыкка которулуу дегенди билдирбейт. Бул Кудайга баш ийүү тажрыйбасында терең өсүүнү билдирет. Бул Кудайга башка жол менен мүмкүн болбогон терең моюн сунууну билдирет. Бул азап-кайгыдан келип чыккан нерсе. Иштесең, тиштейсиң.

Сэмюэл Рутерфорддун айтымында, ал кайгы жертөлөсүнɵ ыргытылганда, Улуу Падыша ар дайым шарабын ошол жерде сактаганын эстеди. Чарльз Сперджен: “Кыйынчылык деңизинде сууга чөккөндөр сейрек берметтерди алып келишет” деген.

Сиз рак оорусуна чалдыккан сыяктуу бир кызыктай ооруну сезгенде, сүйгөнүңүздү андан бетер жакшы көрбөйсүзбү? Чындыгында эле биз кызыктай жандарбыз. Эмнегедир ден-соолугубуз жайында, жүрɵгүбүздɵ тынчтык, сүйүүгɵ жетиштүү убактыбыз болгон кезде, мунун баарын супсак жана корс түрдɵ жасайбыз. Бирок, биз өлүм алдында турганда сүйүү терең жана сɵз менен жеткире алгыс кубанычтын жай аккан дарыясындай абалга айланат жана аны менен коштошуу биз үчүн абдан оор.

Ошондуктан, бир туугандар, «Башыңарга келген ар кандай сыноолорду зор кубаныч менен кабыл алгыла» (Жакып 1:2).

«Улуу Падыша Ɵзүнүн шарабын кайсы жерде сактайт» насаат сɵзүнɵн үзүндү.