10-апрель: Орундуу уят деген эмне?

Jakshy Kabar Media

10-апрель: Орундуу уят деген эмне?

10-апрель
Орундуу уят деген эмне?
Жон Пайперден насаат сɵз

Анткени силер күнɵɵнүн кулу болуп жүргɵн убагыңарда адилеттикке баш ийчү эмессиңер. Ошол убакта силерде кандай жемиш бар эле? Азыр ɵзүңɵр уялып жаткан иштер эле. Анткени алардын натыйжасы – ɵлүм.

Римдиктер 6:20-21

Машаякчы ɵзүнүн Кудайга чейинки жашоосунда, Кудайга акарат келтирген жаман жүрүм-турумуна көзү ачылганда, ошол иштери үчүн уялат. Пабыл Римдеги жыйынга мындай дейт: «Анткени силер күнɵɵнүн кулу болуп жүргɵн убагыңарда адилеттикке баш ийчү эмессиңер. Ошол убакта силерде кандай жемиш бар эле?»

Артка кылчайып караганда, бир кездерде Кудайга жакпаган жашоону баштап кечирип, кайгы-капанын азабын чегип жүргɵн убак болгону айдан ачык. Албетте, буга токтолуп калбашыбыз керек. Мунун баарын алда качан эле Теңир менен чечип койсок да, сезимтал машаякчынын жүрɵгү жаштыктын акылсыздыгын эстегенде, уяттын жаңырыгын сезбей кое албайт.

Орундуу уят пайдалуу жана куткаруучу болушу мүмкүн. Пабыл тесалоникалыктарга мындай деген: «Ушул каттагы сɵздɵрүбүзгɵ кулак салбаган адамга эскертүү бергиле жана уяткарыш үчүн, аны менен мамиле түзбɵгүлɵ» (2 Тес. 3:14).

Демек, уят өзгөрүү жолундагы туура жана куткаруучу кадам болуп саналат. Ал тургай, анын ишенген адамдын руханий жактан кыйын жана күнөөгɵ баткан мезгилинен кайтып, тобо кылуусунда да жардамы чоң. Кандай гана болбосун уялуудан качпаш керек. Кудайдын өз эли менен жакшы мамилесинде буга да орун бар.

Орунсуз жана орундуу уят Ыйык Жазууга ылайык жалпысынан Кудайга негизделген деп жыйынтык чыгарсак болот.

Ыйык Жазуу орунсуз уятка мындай баа берет; Башка адамдардын көзүнɵ канчалык алсыз, акылсыз же туура эмес кɵрүнсɵңүз дагы, Кудайды даңктаган нерседен уялбаңыз. Же Ыйык Жазууга ылайык орунсуз уяттын колдонушунун дагы бир жолу: Cиз катышпаган, кандайдыр бир жаман, уят иш үчүн уялбаңыз.

Ыйык Жазуу орунсуз уятка мындай баа берет; Башкалардын кɵзүнɵ канчалык күчтүү, акылдуу же туура кɵрүнсɵңүз дагы, Кудайды каралаган нерседе колуңуз бар болсо, анда ал үчүн уялыңыз.

Кудайга акарат келтирген жүрүм-турумду жактырбагандыгыбыз үчүн уялышыбыз керек. Эгер адамдар сизди уяткарышса дагы, Кудайды даңктай турган жүрүм-турум үчүн уялбашыбыз керек.

Келечектеги Ырайым насаат сɵзүнɵн үзүндү, 132-бет