9-апрель: Кудай жɵнүндɵ гана эмес, Анын Ɵзү менен да сүйлɵшүңүз

Jakshy Kabar Media

9-апрель: Кудай жɵнүндɵ гана эмес, Анын Ɵзү менен да сүйлɵшүңүз

9-апрель
Кудай жɵнүндɵ гана эмес, Анын Ɵзү менен да сүйлɵшүңүз
Жон Пайперден насаат сɵз

Ɵлүм кɵлɵкɵсүнүн ɵрɵɵнүндɵ жүрсɵм да, жамандыктан коркпойм, анткени Сен мени мененсиң.

Забур 22:4

Ɵлүм кɵлɵкɵсүнүн ɵрɵɵнүндɵ жүрсɵм да, жамандыктан коркпойм, анткени Сен мени мененсиң. (Заб 22:4)

22-Забурдун түзүлүшү үлгү катары колдонулган.

Забур 22:1-3 Дɵɵт Кудайга «Ал» деп кайрылат:

Теңир менин Кайтаруучум…
Ал мени… жайытка жаят.
Ал мени… алып барат.
Ал… жаныма күч берет.

Анан 4 жана 5-аяттарда Дɵɵт Кудайга «Сен» деп кайрылат:

Жамандыктан коркпойм, анткени Сен мени мененсиң;
Сенин бийлик таягың менен койчу таягың жанымды тынчтандырат.
Сен мага дасторкон жайдын.
Сен башымды зайтун майы менен майладың.

Анан 6-аятта кайра алмаштырат:

Мен Теңирдин үйүндɵ түбɵлүк болом.

Бул түзүлүштөн Кудай жɵнүндɵ эле кɵпкɵ сүйлɵбɵстɵн, Кудай менен да сүйлɵшүү жакшы экени тууралуу сабак алсак болот.

Ар бир машаякчы, жок эле дегенде, ышкыбоз-теолог, башкача айтканда, Кудайдын мүнөзүн жана жолдорун түшүнүүгө аракет кылып, анан аны сөз менен айткан адам. Эгерде биз бир аз да болсо, Кудай Сөзүн үйрөтүүгө жөндөмдүү болбосок, анда биз бири-бирибизге жана Кудайга Кудай жөнүндө эч нерсе айтпайбыз жана бири-бирибиздин ишенимибиздин өсүшүнө анчалык деле жардам бере албайбыз.

Бирок мен 22-забурдан жана башка забурлардан Дөөттөн үйрөнгөн чындыктарды сыйынуу менен байланыштырышым керек. Кудай жɵнүндɵ сүйлөшкөнүмдү көп учурда Кудай менен сүйлөшүү аркылуу аякташым керек.

«Кудай берешен» деген чындыктын артынан түздɵн-түз «Кудай, берешендигиң үчүн рахмат» деген сыйынуу сүйлɵмү келиш керек.

«Кудай даңктуу» деген чындыктан кийин «Сенин даңкыңа таазим кылам» деген сүйлɵм келиш керек.

Эгер жүрөгүбүздө Кудайдын чындыгын сезип, акылыбыз менен ойлонуп, оозубуз менен сүрөттөп жатсак, анда ушундай болуш керек.

“Эмгек күнүнө карата жагымдуу сөздөр” насаат сɵзүнɵн үзүндү