8-апрель: Шайтанга Ɵзүнүн Жеңилгенин билдириңиз

Jakshy Kabar Media

8-апрель: Шайтанга Ɵзүнүн Жеңилгенин билдириңиз

8-апрель
Шайтанга Ɵзүнүн Жеңилгенин билдириңиз
Жон Пайперден насаат сɵз

Шайтанга каршы тургула, ошондо ал силерден качат.

Жакып 4:7

Шайтан биздин күнүмдүк жашоодо канчалык реалдуу кɵрүнсɵ да, канчалык айкын жана жандуу ɵңдɵнсɵ да, Машаякка ишенгендер үчүн Машаяктын жеңиши ошончолук баалуу болот.

Жаңы келишим Ыйса ɵлүп жана кайра тирилгенде, шайтан толугу менен жеңилгендиги тууралуу айтат. Ага эркиндиги чектелген убакыт берилген, анын Кудайдын адамдарына каршы чыккан бийлиги талкаланган жана анын жер менен жексен болоору анык.

«Кудайдын Уулу шайтандын иштерин талкалаш үчүн келген» (1 Жакан 3:8). «Ɵз ɵлүмү менен ɵлүм бийлигине ээ шайтанды күчүнɵн ажыратыш үчүн Ыйса да эт менен кандан турган денеге ээ болду» (Эврейлер 2:14). «Кудай башчыларды жана бийликтегилерди куралсыздандырып, аларды ачык түрдɵ уятка калтырды, аларды айкаш жыгачта жеңип чыкты» (Колостуктар 2:15).

Башкача айтканда, «Баш сɵɵгү» деген жерде чечкиндүү сокку урулду. Бир күнү, шайтанга берилген, анын эркиндиги чектелген убакыт аяктаганда; «Шайтан күйүп жаткан күкүртүү кɵлгɵ ыргытылат жана ал жерде шайтан күнү-түнү, түбɵлүк кыйналат» (Аян 20:10).
Бул Ыйса Машаяктын жолун жолдогондор үчүн эмнени билдирет?

«Ошентип, Машаяк Ыйсанын ичинде жашап жаткандарга эч кандай айып коюлбайт» (Рим. 8:1).

«Кудай тандап алгандарды ким айыптайт? Аларды Кудай Ɵзү актайт» (Рим. 8:33).

«Кудайдын Теңирибиз Машаяк Ыйса аркылуу кɵрсɵткɵн сүйүүсүнɵн бизди периштелер да, жогоркулар да, азыркы учурда да, келечек да, күчтɵр да, бийиктик да, тереңдик да, жаратылган эч бир нерсе ажырата албайт» (Рим. 8:38-39).

«Силердин ичиңердеги Рух бул дүйнɵдɵгү рухтан чоң» (1 Жакан 4:4).

«Алар (ыйыктар) аны Козунун каны менен, ɵздɵрүнүн күбɵлɵндүрүүсү менен жеңишти» (Аян 12:11).

Ошондуктан, «Шайтанга каршы тургула, ошондо ал силерден качат!» Ал жеңилген жана бизге жеңиш берилген. Азыр биздин милдетибиз ошол жеңиш менен жашап, шайтанга өзүнүн жеңилгендигин билдирүү.

«Шайтанга каршы тур» насаат сɵзүнɵн үзүндү