7-апрель: Душмандарыңар үчүн сыйынуу деген эмнени билдирет

Jakshy Kabar Media

7-апрель: Душмандарыңар үчүн сыйынуу деген эмнени билдирет

7-апрель
Душмандарыңар үчүн сыйынуу деген эмнени билдирет
Жон Пайперден насаат сөз

Душманыңарды сүйгүлɵ жана силерди куугунтуктагандар үчүн сыйынгыла.

Матай 5:44

Душмандарыңыз үчүн сыйынуу бул – сүйүүнүн бирден бир терең түрү, анкени бул нерсе сиздин аларга чын дилден жакшылык кааларыңызды билдирет.

Мүмкүн душманыңызга чын дилинизден эмес болсо да жакшы иштерди жасап жүрɵсүз. Бирок сиздин жүрɵгүңүздү билген Кудайдын алдындагы сыйынуу Кудайдын ортосунда алар үчүн арачылык кылат.

Мүмкүн бул алардын Кудайга кайрылуусу үчүн, мүмкүн тобо кылышы үчүн, мүмкүн алардын жүрɵгүндɵгү душмандыкты кɵрсɵтүш үчүн, мүмкүн оору же кыйынчылыкка туш болсо да, күнɵɵнүн чынжырынан бошотуш үчүн болот чыгар. Бирок бул жердеги Ыйса дайыма алардын жакшылыгы үчүн сыйынгыла деген мааниде айткан.

Ыйса айкаш жыгачта асылып турганда:
«Ата, буларды кечире көр! Анткени алар эмне кылып жатышканын билишпейт» – деп айткан (Лука 23:34).

Ал эми Степанды таш бараңга алып жатышканда:
Чөгөлөп, катуу үн менен: «Теңир! Бул күнөөнү алардын күнөөсү катары эсептебе», – деген (Элчилердин иштери 7:60).

Ыйса бизди душманыбыз үчүн саламдашуу же алардын муктаждыктарын канааттандыруу сыяктуу жакшы иштерди кылуу менен гана чектелүүгɵ чакырбастан (Мат 5:47); ошондой эле алардын жакшылыгын тилɵɵнү жана душманыбыз болбогон күндө да, ошол тилектерибизди сыйынуу аркылуу билдирүүбүзгɵ чакырат.

Биз чын жүрɵгүбүз менен алардын куткарылуусун, биз менен чогуу бейиште болуусун жана түбɵлүк бактылуулугун тилешибиз керек. Элчи Пабыл «Менин чын жүрɵгүмдɵн каалаганым жана Кудайдан сыйынып суранарым – Ысрайыл элинин куткарылышы» – деп сыйынган (Рим.10:1). Кудай элчи Пабылга, анын жашоосуна кɵп кыйынчылык алып келген жүйүттɵр үчүн сыйынууга ырайым берген сыяктуу эле, бизге да ошондой ырайым берсин.

«Бирок, Мен силерге айтамын, душмандарыңарды сүйгүлө» аттуу аңгеменин 2-бөлүгүнөн үзүндү