6-апрель: Ыйсаны эстөөнүн эки жолу

Jakshy Kabar Media

6-апрель: Ыйсаны эстөөнүн эки жолу

6-апрель
Ыйсаны эстөөнүн эки жолу
Жон Пайперден насаат сөз

Дөөттүн тукумунан чыккан, өлүп кайра тирилген Ыйса Машаякты ар дайым эсиңде сакта. Мен тараткан Жакшы Кабарда Ал жөнүндө ушундай айтылат.

2 Тиметей 2:8

Пабыл Ыйсаны эскерүүнүн эки жолун айтат: Ыйсаны өлүмдөн тирилгенин эсте. Ошондой эле Анын Дөөттүн тукумунан чыкканын эсте. Эмнеге бул эки нерсе Ыйса тууралуу айтылат?

Анткени эгерде Ал өлүмдөн тирилсе, анда Ал тирүү жана өлүмдүн үстүнөн, биздин өлүмүбүздүн үстүнөн бийлик кылат. «Эгерде Машаяк Ыйсаны өлгөндөрдүн арасынан тирилткен Кудайдын Руху силердин ичиңерде жашап жатса, анда Машаяк Ыйсаны өлгөндөрдүн арасынан тирилткен Кудай силердин ичиңерде жашаган Өз Руху менен силердин өлүк денеңерди да тирилтет» (Рим. 8:11).

Жашоо канчалык оор, азаптуу болсо да, жер үстүндө жашоодогу эң жаман нерсе бул-өлүмгө дуушар болуу. Ыйса биздин бул көйгөйүбүздү чечти. Ал тирүү болгондуктан, сиз дагы тирүү болосуз. «Денени өлтүрүп, бирок жанды өлтүрө албагандардан коркпогула» (Мат. 10:28).

Ошондой эле, Ыйсанын тирилүүсү бул кокусунан эле болгон эмес. Бул Дөөттүн уулунун тирилүүсү болгон. Эмнеге Пабыл: «Дөөттүн тукумунан чыккан, өлүп кайра тирилген Ыйса Машаякты ар дайым эсиңде сакта» деп айткан? Анткени ар бир жүйүт мунун маанисин билген. Мунун мааниси – Ыйса бул Машаяк (Жакан 7:42). Ал эми бул тирилүү түбөлүк Падыша тирилгенин билдирген.

Ыйсанын энеси Мариямга айткан периштенин сөзүн уккула:

«Боюңа бүтүп, Уул төрөйсүн, Анын ысымын Ыйса коёсуң. Ал улуу болот жана бардыгынан Жогору Тургандын Уулу деп аталат. Кудай-Тенир Ага атасы Дөөттүн тагын берет. Ал Жакыптын тукумуна түбөлүккө падышалык кылат, Анын падышачылыгынын чеги болбойт» (Лука 1:31–33).

Ошентип, силер Ыйса үчүн кызмат кылып жана азап тартып жатканыңарды унутпагыла. Ал өлгөндөрдүн арасынан тирилген бирөө катары гана эмес, Ал түбөлүккө падышачылык кылган Падыша катары тирүү – Анын Падышачылыгы эч качан бүтпөйт.

Адамдар силерге каршы эмне гана кылбасын, силер алардан коркпогула. Силер өмүргө кайра ээ болосуңар. Ошондой эле, Аны менен бирге падышачылык кыласыңар.

“Ал өзүнөн баш тарта албайт” аттуу насаат сөздөн үзүндү.