5-апрель: Сот күнүндɵгү китептер

Jakshy Kabar Media

5-апрель: Сот күнүндɵгү китептер

5-Апрель
Сот күнүндɵгү китептер
Жон Пайперден насаат сɵз

Жер үстүндɵ жашагандардын бардыгы, ысымдары дүйнɵ жаралганда эле союлган Козунун ɵмүр китебине жазылбаган адамдар ага таазим кылышат.

Аян 13:8

Ысымдары ɵмүр китебине жазылгандардын баарынын куткарылуусу сакталып турат.

Ал китеп союлган Козунун ɵмүр китеби деп аталгандыктан, ɵмүр китебине жазылгандардын куткарылуусунун сакталып турушуна кепилдик бере алат. Бул китепке ысмы жазылгандар ɵздɵрүнүн жакшы иштери үчүн куткарылган эмес. Алар Машаяктын курмандыгынын негизинде куткарылышкан.

Бирок Жакан Аян китеби 20:12де мындай дейт; «Ошондо мен тактынын алдында турган ɵлгɵндɵрдү – чоңдорду да, кичинелерди да көрдүм. Китептер ачылды. Дагы бир китеп ачылды, ал ɵмур китеби эле. Ɵлгɵн адамдар китептерде жазылган ɵздɵрүнүн иштерине жараша соттолушту». Эгер биз Машаяктын ɵлүмү аркылуу куткарылсак, анда эмне учун жасаган иштерибизди камтыган «китептер» сот күнүндɵ каралышы керек?

Буга жооп мындай: Ишенибизди жана Машаяк менен болгон биримдигибизди ачык ырастаган, Машаякка тиешелүү экенибизди кɵрсɵтүп турган жетиштүү далилдер, жасаган иштерибизди камтыган китептерде жазылып турат.

Аян 21:27 карасак «Ал шаарга эч бир таза эмес нерсе кирбейт, жийиркеничтуу жана жалган иштерди жасаган эч бир адам кирбейт, ысымы Козунун ɵмүр китебине жазылгандар гана киришет.» Мунун жыйынтыгында ɵмүр китебине жазылган адам ɵлүмдɵн гана эмес, ошондой эле жийиркеничтүү, күнɵɵлүү иштерди жасагандан да арылат.

Мисалы, айкаш жыгачтагы ууруну эстениз. Ыйса анын бейишке кирерин айткан (Лука 23:43). Бирок анын жашоосунун 99.9% пайызы күнɵɵ болсо, «Китептер» ачылганда ал үчүн кандай сот болот?

Анын куткарылуусу Машаяктын каны менен сакталып турат. Анын ысмы союлган Козунун ɵмүр китебинде болот.

Анан Кудай китептерди ачат. Биринчи, ал анын ɵмүр бою жазылган күнɵɵлɵрүн алып Уулунун жогорку курмандыгы менен жарыялайт. Андан сон, Кудай андагы уурунун айкаш жыгачтагы укмуштуудай ɵзгɵрүүсү жɵнүндɵ жазылган эң акыркы бетин окуйт. Бул анын жашоосундагы Кудайдын иши жана бул нерсе сот күнүндɵ уурунун ишенимин жана анын Машаяк менен болгон биримдигин тастыктап турат. Ал ɵзүнүн иштеринин негизинде эмес, Машаякка болгон ишеним аркылуу куткарылат.

Ошондуктан, мен китептердеги биздин ишенимибиз жана Машаяк менен болгон биримдигибизди ырастаган далил жɵнүндɵ айтканда, бул жазууда жаман иштерге караганда жакшы иштер кɵбүрɵɵк камтыларын айткан жокмун.

Мен Машаякта чыныгы ишенимди, чыныгы кайра тирилүүнү жана Машаяк менен болгон биримдикти кɵрсɵткɵн жашоо камтылаары жɵнүндɵ айтып жатам. Биз ар бир күндү дал ушундай машаякчы катары жашашыбыз керек: бизде эч кандай айып жок экенине (Рим. 8:1), биздин ысмыбыз ɵмүр китебинде жазылганына, бизде баштаган жакшы ишин Кудай Ыйса Машаяктын күнүнɵ чейин аягына чыгарарына бекем ишенип жашашыбыз керек.

«Акыркы сот күнүн сиз кандай түшүнɵсүз»? аттуу насаат сɵзүнɵн үзүндү.