4-апрель: Кудай бизди башка адамдар аркылуу да бекемдейт

Jakshy Kabar Media

4-апрель: Кудай бизди башка адамдар аркылуу да бекемдейт

4-апрель
Кудай бизди башка адамдар аркылуу да бекемдейт
Жон Пайперден насаат сөз

Анан Ыйса Теңир Петирге: «Шымон, Шымон! Шайтан силерди калбырдан буудай сыяктуу өткөрүүнү суранды. Бирок ишенимин жоготпосун деп, Мен сен үчүн сыйындым. Кайра кайрылганыңдан кийин, бир туугандарыңдын ишенимин бекемде», – деди.

Лука 22:31-32

Буудайды калбырдан өткөргөн сыяктуу шайтан Жүйүттөн башка он элчини да сыноодон өткөргүсү келдиби? Ыйса алар үчүн да сыйынды беле?

Ооба, Ыйса алар үчүн да сыйынган. Бирок Ыйса алар жөнүндө Кудай Атага Петир үчүн сурангандай сыйынган эмес.

Ошол түнү Кудай шайтандын оттуу сыноосу аркылуу Петирдин өзүнө таянган жана бой көтөргөн сапатын сындырды. Бирок Кудай аны калтырып койгон жок. Ал аны кайрып келди, кечирди, калыбына келтирди жана ишенимин бекемдеди. Эми калган он элчини бекемдөө Петирдин миссиясы болгон. Анткени Ыйса ага: «Кайра кайрылганыңдан кийин, бир туугандарыңдын ишенимин бекемде», – деген эле».

Ыйса Петирге кам көрүү аркылуу он элчиге кам көрдү. Бекемделген адам башкаларды бекемдөөчү болуп калат.

Бул жерде биз үчүн абдан жакшы сабак бар. Кээде Кудай таң заардан, бардыгы уктап жатканда сиз менен түзмө түз катнашта болуу аркылуу ишенимиңизди бекемдейт. Бирок, көпчүлүк учурда Кудай биздин ишенимибизди башка адамдар аркылуу бекемдейт.

Забур 29:6-аятта; «Кечинде – ый, эртең менен болсо – кубаныч» – деп жазылгандай, Кудай бизге кайсы бир Шымон Петирди ырайым сөзү менен жиберет жана биз аны ишеним менен аткарышыбыз керек.

Биргелешип кылган иш – бул түбөлүктүү коопсуздук. Качан гана болбосун, ар дайым шайтан сиздин ишенимиңизди сынаганда, Кудайдын ишенимиңди жоготпойсуң деген убадасы менен шыктанып, кубанычыңды дагы көбөйтүп жана ошол шыктануу менен күчкө толуп, ошол шыктанууну жана күчтү башка бир туугандарыңдын ишенимин бекемдөө үчүн колдон.

«Шымон Петирдин сыналышы» аттуу аңгемеден үзүндү.