3-апрель: Жеңилүүгө кандай мамиле кылуу керек

Jakshy Kabar Media

3-апрель: Жеңилүүгө кандай мамиле кылуу керек

3-апрель
Жеңилүүгө кандай мамиле кылуу керек
Жон Пайперден насаат сөз

Мен өзүм каалаган жакшылыкты эмес, өзүм каалабаган жамандыкты кылам.

Римдиктерге 7:19

Машаякчылар дайым эле күнөөгө жеңилип жашашпайт, ошондой эле биз күнөөнүн үстүнөн да толук жеңишке жетип жашабайбыз. Биз күнөөнү жеңе албаган учурларда, Римдиктер 7:13-25 бизге чыныгы машаякчылык буга кантип жооп бериш керектигин көрсөтөт.

Биз:
Мен Кудайдын мыйзамын сүйөм. (аят 22)
Мен кылган нерсени жек көрөм. (аят 15)
Мен бир байкуш адаммын! Өлүмгө дуушар кыла турган ушул денеден мени ким куткарат? (аят 24) – деп айтышыбыз керек:

Кудайга ыраазычылык болсун! Жеңиш, менин Теңирим Ыйса Машаяк аркылуу келет. (аят 25)
Башкача айтканда, бир дагы машаякчы жеңилүүдө жашагысы келбейт. Бир дагы машаякчы жеңилип жашаганга макул эмес. Эгер биз бир кайсы убакытка жеңилсек, биз бул жөнүндө калп айтпашыбыз керек.

Эч кандай эки жүздүүлүк, эч кандай жасакерленүү, эч кандай мактануучулук жана эч кандай жасалма жылмаюу же үстүртөн жасалма көрүнүш-нерселер болбошу керек.

Ошондой эле, Кудай бизди өзүбүздүн кемчиликтерибизге карата сокурчулуктан жана анын натыйжасында башкаларды тез эле сынга алуудан сактасын.

Кудай бизге башкалардын эмес, өзүбүздүн кемчиликтерибизден өзүбүздүн абийирибиз ашкерелешине жардам берсин.

Элчи Пабыл бул тексте: “Мен бир байкуш адаммын! Өлүмгө дуушар кыла турган ушул денеден мени ким куткарат? Теңирибиз Ыйса Машаяк аркылуу Кудайга ыраазычылык билдирем!” – деп жазгандай, Кудай бизге чынчылдык, ак ниеттүүлүк жана момундук берсин!

“Эки ортодо кыйналган бул кайсы адам? (4-бөлүк) – аттуу аңгемеден үзүндү.