31-март: Сүйүүгө эмне тоскоолдук кылат?

Jakshy Kabar Media

31-март: Сүйүүгө эмне тоскоолдук кылат?

Жон Пайперден насаат сөз

«Силер үчүн дайыма сыйынып, Кудайга, Теңирибиз Ыйса Машаяктын Атасына, ыраазычылык билдирип жатабыз. Анткени силердин Машаяк Ыйсага болгон ишенимиңер жана бардык ыйыктарга болгон сүйүүңөр жөнүндө укканбыз. Ишенимиңер менен сүйүүңөр асманда өзүңөр үчүн даярдалган нерсеге болгон үмүтүңөргө негизделген».

Колостуктар 1:3-5

Бүгүнкү күндөгү жыйындардын көйгөйү бейишке барууну эңсеген ишенүүчүлөрдүн өтө эле көп болгондугунда эмес. Көйгөй өздөрүн машаякчы деп эсептегендердин бул дүйнөдөн бөлүнүп, күндүн жарымын Ыйык Жазууну окуганга, калган жарымын Кудайдан алган жыргалчылыгы жөнүндө ырдаганга коротуп, ошол эле маалда дүйнөнүн муктаждыктарына көңүл бурбай жаткандыгында эмес. Мындай болбой жатат! Кудайдын эли күндүн жарымын Анын Сөзүн окуганга арнагыдай, Кудайга болгон сүйүүгө анчалык толуп-ташып жаткан жок.

Маселе өздөрүн машаякчы деп эсептегендердин Ыйык Жазууну окууга он мүнөт гана сарптап, андан кийин күнүнүн жарымын акча табууга жумшап, калган жарымын ошол акчага сатып алган нерселерге суктанып, аларды оңдогонго (аларга кам көргөнгө) коротуп жаткандыгында.

Бул дүйнөдөгү жоголгон жана жабыркаган адамдарды сүйгөнгө тоскоол болгон нерсе ишенүүчүлөрдүн асман жөнүндө эле ойлоп отура бергени эмес. Ишенүүчүлөр дем алыш күн сайын жыйын чогулушуна барымыш болсо да, сүйүүгө тоскоолдук кылган нерсе – алардын дүйнөлүк ой-жүгүртүүгө ээ болуп калганы.

Асмандын убада кылынган даңкын жан-дили менен ушунчалык сүйгөндүктөн, бул дүйнөдө өзүн сүргүндө жүргөндөй жана келгиндей сезген адам кайда? Кудай падышачылыгынын ажайып сулуулугун көргөндүктөн, көзүнө дүйнөнүн бриллианттары эң арзан дүкөндө сатылган жөнөкөй таш сыяктуу көрүнүп калган, ал эми бул дүйнөнүн оюн-зооктору маңызсыз көрүнүп калган жана бул дүйнөнүн адеп-ахлактыгы түбөлүктүү көз карашка ээ болбогондуктан, булар ал үчүн өтө эле кичинекей көрүнгөн адам кайда? 

Албетте, мындай адам интернетке же тамакка же уйкуга же ичкиликке же шапар тебүүгө же көңүл ачууга же балык уулоого же деңизде кайык менен сүзүүгө же бекерчиликке берилбейт. Мындай адам – бөтөн жерде жүргөн эркин адам. Аны бир эле суроо ойлонтот: Бул дүйнөдө келгин болуп жүргөнүмдө Кудайдан түбөлүктүү ырахатты кантип болушунча көбүрөөк алсам болот? Анын жообу ар дайым бирдей: Бул – сүйүү менен эмгектенүү. Канчалык чоң баа төлөшүм керек болсо да, Кудайдан алган кубанычымды дагы да көбөйтүү аркылуу жана мүмкүн болсо, башка адамдарды да буга кошуу аркылуу.   

Казынасы асманда болгон жүрөктү бир гана нерсе канааттандырат: асмандын иштерин жасоо. Ал эми асман – бул сүйүүнүн дүйнөсү!

Сүйүүнүн колун байлап, натыйжасыз кылган нерсе – бул асмандын жиптери эмес, акчаны, эс алууну, ыңгайлуулукту жана мактоону сүйүү. Сүйүүнүн колун байлап койгон өзүмчүлдүктүн жиптери ушулар. Бул жиптерди үзүп салуучу күч – бул машаякчынын үмүтү. «Анткени силердин Машаяк Ыйсага болгон ишенимиңер жана бардык ыйыктарга болгон сүйүүңөр жөнүндө укканбыз. Ишенимиңер менен сүйүүңөр асманда өзүңөр үчүн даярдалган нерсеге болгон үмүтүңөргө  негизделген» (Колостуктар 1:4-5).

Мен өзүмдө болгон бекем ишеним менен дагы бир жолу кайталап айтайын: бул дүйнөдө жоголгон адамдарга болгон сүйүүгө асман жөнүндө ойлонуу тоскоолдук кылбайт, дүйнөлүк ой жүгүртүү тоскоолдук кылат. Демек, сүйүүбүздү күчкө толтуруу жана эркиндикке чыгаруу үчүн анын улуу булагы болгон машаякчылык үмүткө ээ болушубуз керек.

«Үмүттүн жемиши: Сүйүү» аттуу насаат сөздөн үзүндү