30-март: Эгерде Ал чакырса, сактайт

Jakshy Kabar Media

30-март: Эгерде Ал чакырса, сактайт

Жон Пайперден насаат сөз

«Теңирибиз Ыйса Машаяк келген күнү кемчиликсиз болушуңар үчүн, Ал силерди акырына чейин бекемдейт. Силерди Өз Уулу – Теңирибиз Ыйса Машаяк менен мамилелешүүгө чакырган Кудай ишенимдүү».

1 Корунттуктар 1:8-9

Ыйса келгенге чейин ишенимиңиздин бекем болушу эмнеден көз каранды?

Мен «Ишенимиңизди эч качан жоготпоруңузга ишенесизби?» деп эмес, «Ишенимибизди жоготпорубуздун кепилдиги эмнеде?» деп сурап жатам.

Биздин ишенимибиздин туруктуулугу акыр-аягы биздин чечимибизге негизделеби? Же бизди ишенимибизди жоготпогудай кылып сактаган Кудайдын ишине негизделеби?

Кудайдын ишенимдүү экени жана Ал Өзү чакырган адамдарды түбөлүккө сактары – бул Ыйык Жазуудагы улуу жана кереметтүү чындык. Түбөлүк коопсуз экенибизге ишенгенибиз – бул Кудай биз ишенимибизди жоготпошубуз үчүн эмне зарыл болсо, ошонун бардыгын жасайт деген ишеним.

Кудай азыркы учурда биздин ишенимибизди сактары канчалык анык болсо, түбөлүк өмүргө ээ болорубуз ошончолук эле анык. Бирок бул улуу чындык өзгөчө Кудай чакырган адамдарга тиешелүү.

Ыйык Жазууда жок дегенде үч үзүндүдө Кудай бизди чакырганы жана биздин ишенимибизди сактары чогуу айтылат:

«Теңирибиз силерди акырына чейин бекемдейт. Силерди Өз Уулу – Теңирибиз Ыйса Машаяк менен мамилелешүүгө чакырган Кудай ишенимдүү» (1 Корунттуктар 1:8-9).

«Тынчтыктын булагы болгон Кудай Өзү силерди толугу менен ыйык кылсын. Рухуңар, жаныңар жана денеңер Теңирибиз Ыйса Машаяк келгенге чейин эч кемчиликсиз, толук сакталсын. Силерди чакырып алган Кудай ишенимдүү, Ал ишке ашырат» (1 Тесалоникалыктар 5:23-24).

«Кудай Ата аркылуу ыйыкталган жана Ыйса Машаяк аркылуу сакталган чакырылгандарга Ыйса Машаяктын кулу, Жакыптын бир тууганы Жүйүт: Кудай силерге ырайымын төгүп, тынчтыгын бере берсин, силерде Анын сүйүүсү арта берсин!» (Жүйүт 1-2-аяттар). (Ушул эле чындыкты бул аяттардан караңыз: Римдиктер 8:30, Филипилияктар 1:6, 1 Петир 1:5 жана Жүйүт 24-аят).

Кудайдын «ишенимдүүлүгү» Ал Өзү чакырган адамдардын бардыгын түбөлүккө коопсуз кылып сактарына кепилдик берет.

«Кудай бизди ишенимдүү бойдон калтырат» аттуу насаат сөздөн үзүндү