29-март: Кудайдын Ɵз Уулуна болгон сүйүүсүндɵй анык нерсе

Jakshy Kabar Media

29-март: Кудайдын Ɵз Уулуна болгон сүйүүсүндɵй анык нерсе

Жон Пайперден насаат сөз

«Өз Уулун аябастан, Аны баарыбыз үчүн берген Кудай кантип бизге Уулу менен кошо бардыгын бербесин».

Римдиктер 8:32

Кудай биздин башыбыздан ɵткɵн ар бир азаптын кыйратуучу күчүн жок кылат. Сиз буга ишенишиңиз керек, антпесе азыркы жашоонун кысымынын жана азгырыгынын астында Ыйсанын жолдоочусу катары ɵөрчүп-ɵсɵ албайсыз, атүгүл жашап да кете албайсыз.

Бул жашоо кɵптɵгɵн азаптарга, тоскоолдуктарга, кɵңүл чɵгүүлɵргө, карама-каршылыктарга жана кысымдарга толо. Эгер кудуреттүү Кудай ар бир тоскоолдукту, ар бир кɵңүл чɵгүүнү, ар бир карама-каршылыкты, ар бир кысымды жана азапты алып, аларды кыйратуучу күчүнɵн ажыратып, Өзүндөгү кубанычтын кɵбɵйүүсү үчүн колдоноруна ишенбегенде, мен кимге кайрылар элем, эмне кылар элем, билбейм.

Пабылдын 1 Корунттуктар 3:21-23-аяттагы таң калыштуу сөздөрүнɵ кулак салыңыз: «Анткени баары силердики. Пабыл да, Аполос да, Кейфа да, дүйнө да, өмүр да, өлүм да, азыркы учур да, келечек да – баары силердики. Силер болсо Машаяктыкысыңар, Машаяк Кудайдыкы». Дүйнɵ да, ɵмүр да, ɵлүм да биздики. Муну мен мындай түшүнөм: Кудай Өзүнүн тандалгандарына колдоо көрсөтүү үчүн Өз кудурети менен баарын башкарат, ошондуктан бул жашоодо биз тил алчаактыгыбызда жана кызматыбызда туш болгон нерселердин бардыгын Кудай Өзүнүн күчтүү колу менен баш ийдирип, биздин ыйыкталышыбызга жана Андагы кубанычыбыз түбɵлүк болушуна өбөлгө түзгөндөй кылып колдонот.

Эгерде Кудай биз тарапта болсо жана Кудай Кудай болсо, анда бизге каршы багытталган эч нерсе ийгиликке жетишпей тургандыгы анык. Өз Уулун аябастан, Аны баарыбыз үчүн берген Кудай берешендик менен бардыгын – бардык нерселерди – дүйнɵнү да, ɵмүрдү да жана Ɵзүн да сөзсүз берет.

Римдиктер 8:32-аят эң баалуу достун үлгүсүн кɵрсɵтɵт. Кудайдын келечектеги ырайым жɵнүндɵгү убадасы сөз менен сүрөттөп бере албагандай укмуш. Бирок эң негизгиси – анын пайдубалы: Мен муну асманга тиешелүү ой-жүгүртүү деп атап койдум. Бул аятта бардык тоскоолдуктарга туруштук бере турган нерсе бар. Кудай Ɵз Уулун аяган жок! Демек… Асманга тиешелүү ой-жүгүртүүгө ылайык, Ыйса Ɵз ɵлүмү менен бизге эмнени алып берген болсо, Кудай ошонун баарын – бардык нерселерди, бардык жакшылыктарды бергенге жана бардык жаман нерселерди бизге жакшылык алып келгендей кылып колдонгонго аракетин андан бетер жумшары анык!

Бул нерсе Анын Ɵз Уулуна болгон сүйүүсүндɵй анык!

“Келечектеги ырайым” аттуу китептен насаат сɵз, 114-бет