28-март: Сизди баары таштап кеткенде

Jakshy Kabar Media

28-март: Сизди баары таштап кеткенде

Жон Пайперден насаат сөз

«Мен биринчи жолу сот алдында коргонуу сөзүн айтып жатканымда, эч ким жанымда болгон жок, мени бардыгы таштап кетишти. Кудай муну аларга күнөө катары эсептебесин! Бирок Жакшы Кабар мен аркылуу таратылып, бардык бутпарастар угушу үчүн, Теңир жанымда болуп, мага күч берди. Ошентип, мен арстандын азуусунан куткарылдым. Теңир мени ар кандай жамандыктан куткарып, Өзүнүн Асмандагы Падышачылыгы үчүн сактайт. Ал түбөлүккө даңктала берсин! Оомийин».

2 Тиметей 4:16-18

Мен бүгүн эртең менен ушул кереметтүү жана жүрөк ооруткан сөздөрдүн үстүнөн көпкө ой жүгүртүп отурдум. Пабыл Римде камакта. Биздин билишибизче, ал эч качан бошотулган эмес. Анын акыркы каты ушундайча аяктайт.

Ойлонуп көрүп, таң калыңыз!

Аны бардыгы таштап кетишти: «эч ким анын жанында болгон жок». Ал – жашы улгайып калган ишенимдүү кызматчы. Бөтөн шаарда, үйдөн алыс, душмандардын курчоосунда, өлүм коркунучунда. Эмнеге? Жооп: Себеби биз көңүлүбүз чөккөн же корккон же жалгыз калган абалга туш болгонубузда жан дүйнөбүзгө дем-күч берген «Бирок Теңир жанымда болду» деген жагымдуу сөздөрдү колдоно алыш үчүн ушундай болгон.

Бул сөздөр канчалык жагымдуу! Сизди жакын досторуңуз таштап кеткенде, Кудайга наалып, нараазы болосузбу? Андай болсо, сиздин жашооңуздагы адамдар чындыгында сиздин кудайларыңызбы? Же сизди ким таштаса да: «Бул дүйнөнүн акырына чейин, бардык убакта Мен силер менен болом» (Матай 28:20) деген кереметтүү, шыктандыруучу чындыкка таянасызбы? «Сени калтырбайм жана таштабайм», – деп айтылган бузулгус ант менен жүрөгүңүздү бекемдеп турасызбы (Эврейлер 13:5)?

Андай болсо «Теңир жанымда болду!» – деп айталы.

Суроо: 2 Тиметей 4:18-аятта кандай коркунуч жаралганы тууралуу сөз болуп жатат? Жооп: Пабыл Асман Падышачылыгына кирбей калат деген коркунуч. Бирок Пабыл бул коркунучка каршы мындайча жооп берди: «Теңир мени… Өзүнүн Асмандагы Падышачылыгы үчүн сактайт».

Суроо: Пабылдын Асман Падышачылыгына кирүүсүнө эмне коркунуч туудурган? Жооп: «жамандыктар». «Теңир мени ар кандай жамандыктан куткарып, Өзүнүн Асмандагы Падышачылыгы үчүн сактайт».

Суроо: Пабылдын Асман Падышачылыгына кирүүсүнө жамандыктар кантип коркунуч туудурган? Жооп: аны баш ийбестик кылып, Машаякка болгон ишениминен баш тартууга азгыруу аркылуу.

Суроо: Ал «арстандын азуусунан куткарылдым» дегенде, ушул азгырыктан куткарылганын айтып жатабы? Жооп: Ооба. «Силердин душманыңар шайтан кимди жутуп жиберсем деп, айкырган арстан сыяктуу тегеренип жүрөт. Ага бекем ишенимиңер менен каршы тургула» (1 Петир 5:8-9).

Суроо: Ошентип, Пабыл шайтандын азгырыгына алдырбай, акырына чейин ишеним жана баш ийүү менен чыдагандыктан, ким даңкка ээ болот? Жооп: «Бийлик түбөлүктөн түбөлүккө Аныкы!» (1 Петир 5:11). «Ал түбөлүккө даңктала берсин! Оомийин» (2 Тиметей 4:18).

Суроо: Тайманбастан, кайраттуулук менен чыдаган Пабыл өзү даңкка ээ болушу керек эмес беле? Жооп: Теңир даңкка ээ болот, себеби Пабыл өзү мындай деген: «Теңир жанымда болуп, мага күч берди!»

«Сизди баары таштап кеткенде» аттуу насаат сөздөн үзүндү