27-март: Кайра тирилүүнүн 10 натыйжасы

Jakshy Kabar Media

27-март: Кайра тирилүүнүн 10 натыйжасы

Жон Пайперден насаат сөз

«Эгерде Машаяк тирилген эмес болсо, анда силердин ишенимиңердин пайдасы жок: күнөөлөрүңөр дагы деле өз мойнуңарда».

1 Корунттуктар 15:17

Ыйсанын тирилишинин натыйжасында бизге төмөнкү укмуштуу он нерсе берилген:

  1. Кайра эч качан өлбөй турган Куткаруучу. «Себеби өлгөндөрдүн арасынан тирилген Машаяк кайра өлбөй турганын билебиз» (Римдиктер 6:9).
  1. Тобо кылуу. «Ата-бабаларыбыздын Кудайы силер жыгачка асып өлтүргөн Ыйсаны тирилтти. Ысрайыл элин тобо кылдырып, Кудай Ал Башчыны жана Куткаруучуну жогору көтөрүп, Өзүнүн оң жагына отургузуп койду» (Элчилердин иштери 5:30-31).
  1. Жаңы өмүр, же кайрадан төрөлүү. «Анткени Ал Ыйса Машаякты өлгөндөрдүн арасынан тирилтүү аркылуу бизге тирүү үмүт берүү үчүн, бизди Өзүнүн улуу ырайымы менен кайрадан төрөлттү» (1 Петир 1:3-4).
  1. Күнөөлөрүбүздүн кечирилиши. «Эгерде Машаяк тирилген эмес болсо, анда силердин ишенимиңердин пайдасы жок: күнөөлөрүңөр дагы деле өз мойнуңарда» (1 Корунттуктар 15:17).
  1. Ыйык Рух. «Ошол Ыйсаны Кудай тирилтти, ага биз баарыбыз күбөбүз. Ал Кудайдын оң колу менен асманга көтөрүлүп, Атасы убада кылган Ыйык Рухту алды да, үстүбүзгө төктү. Азыр силер ошону угуп-көрүп турасыңар» (Элчилердин иштери 2:32-33).
  1. Тандалгандардын айыпталбай, тескерисинче акталышы. «Аларды ким соттойт? Өлүп, кайра тирилген, Кудайдын оң жагында отурган Машаяк Ыйса биз үчүн арачылык кылат» (Римдиктер 8:34).
  1. Ыйса менен болгон жеке мамиле жана Анын коргоосу. «Бул дүйнөнүн акырына чейин, бардык убакта Мен силер менен болом» (Матай 28:20).
  1. Боло турган сотту тастыктаган далил. «Анткени Ал (Кудай) бир күндү белгилеп койду. Ошол күнү ааламды Өзү алдын ала белгилеп койгон Адам аркылуу адилеттик менен соттойт. Аны өлгөндөрдүн арасынан тирилтүү менен, Ал муну бардык адамдарга далил катары көрсөттү» (Элчилердин иштери 17:31).
  1. Кудайдын Келечектеги каарынан куткарылуу. «Өлгөндөрдүн арасынан тирилткен Уулу Ыйсаны асмандан күтүп жатабыз, Ал бизди келечектеги каардан куткарат» (1 Тесалоникалыктар 1:10, Римдиктер 5:9).
  1. Биздин өлүмдөн кайра тирилүүбүз. «Анткени биз Ыйса Теңирди тирилткен Кудай Ыйса менен бирге бизди да тирилтерин, Өзүнүн алдына силер менен кошо бизди да алып келерин билебиз» (2 Корунттуктар 4:14, Римдиктер 6:4, 8:11, 1 Корунттуктар 6:14, 15:20).

«Ыйсанын кайра тирилүүсүнүн натыйжасында бизге эмнелер берилген» аттуу насаат сөздөн үзүндү