26-март: Кудайдын Сөзүнөн кантип кубаныч алсак болот?

Jakshy Kabar Media

26-март: Кудайдын Сөзүнөн кантип кубаныч алсак болот?

Жон Пайперден насаат сөз

«Сенин сөздөрүң менин таңдайымда кандай таттуу! Алар менин оозумда балдан да таттуу».

Забур 118:103

Эч качан машаякчылыктын баркын кетирип, аны талаптарга, чечимдерге жана эрктин күчүнө айлантып салбаңыз. Биздин ишенимибиздин маңызы биз эмнени сүйгөндүгүбүздө, эмнеден кубаныч алгандыгыбызда, эмне биз үчүн даамдуу болгондугунда.

Ыйса жерге келгенде, адамдар эмнени сүйгөндүгүнө карап экиге бөлүнгөн. «Дүйнөгө жарык келди, бирок адамдар жарыкка караганда караңгылыкты жакшы көрүштү» (Жакан 3:19). Адил жана мыйзамсыз адамдар эмнеден кубаныч алганына карап бири-биринен бөлүнгөн: бири Кудайдын Ыйсадагы аянынан кубаныч алса, бири дүйнөнүн жолунан кубаныч алат.

Андыктан бирөө мындай деген суроо бериши мүмкүн: Кудайдын Сөзүнөн кубаныч ала турган болуш үчүн эмне кылышым керек? Мен буга эки жоопту бермекмин:

1) Жүрөгүңүздүн тили жаңы даамды сезгенге жөндөмдүү болушу үчүн сыйыныңыз;
2) Кудай Өз элине берген ажайып убадалар жөнүндө ой жүгүртүңүз.

«Сенин сөздөрүң менин таңдайымда кандай таттуу! Алар менин оозумда балдан да таттуу» (Забур 118:103) деген сөздөрдү айткан забурчу «Сенин мыйзамыңдын кереметтерин көрүшүм үчүн, менин көздөрүмдү ач» деген сөздөрдү да айткан (Забур 118:18). Ал ушундай сыйынган, себеби Кудайдын даңкын көрө билген рухий көздөргө ээ болуу же жүрөктүн ыйык даамдарды сезе билген тилине ээ болуу – бул Кудайдын белеги. Эч бир табигый адам Кудайга жана Анын акылмандыгына чаңкабайт, андан кубаныч да албайт.

Бирок сыйынганыңыздан кийин, алтургай, сыйынып жаткан маалыңызда эле Кудайдын убадалары Анын элине кандай пайда берери жана Кудуреттүү Кудай азыр жана түбөлүккө сиздин жардамчыңыз болгону кандай кубаныч экени жөнүндө ой жүгүртүңүз. 1-Забур 3-4-аяттарда Кудайдын Сөзү жөнүндө ойлонгон адам жөнүндө мындай айтылат: «Ошондо ал суу боюна отургузулган, мөмөсүн өз маалында берген, жалбырагы соолубаган дарактай болот. Ал эмне иш кылбасын, бардык ишинде ийгиликке жетишет. Кудайсыздар мындай эмес, алар шамал сапырган топурактай».

Пайдасыз топондой болгон адамды Лебанондун зор кедр дарагындай адамга айланткан, Техастын чаңдуу бороон каптаган кургак жериндей болгон адамды Гаваинин багындай адамга айланткан китепти ким эле жыргап окубасын? Эч бир адам жүрөгүнүн түпкүрүндө тамыры да, салмагы да, пайдасы да жок топон болгусу келбейт. Баарыбыз жашоонун терең дарыясынан күч алып, жемиштүү жана пайдалуу адамдар болгубуз келет.

Кудайдын Сөзү – ошондой жашоонун дарыясы. Ишенимдин бардык баатырларын улуу кылган дарыя ошол.

«Кудайдын мыйзамынан кубаныч алуу» аттуу насааттан үзүндү