25-март: Түбөлүк канааттануу

Jakshy Kabar Media

25-март: Түбөлүк канааттануу

Жон Пайперден насаат сөз

«Мен өмүр берүүчү нанмын. Мага келген адам ачка болбойт, Мага ишенген адам эч качан суусабайт».

Жакан 6:35

Бул аятта камтылган чындыкка ылайык, Ыйсага ишенүү деген Ыйса кандай нан жана суусундук сунуш кылса, ошонун баарын ичип-жегендикти билдирет. Болгондо да бул аят Ыйса биздин жаныбыздын чаңкоосун түбөлүккө кандырарын айтат.

Биздин канааттануу издеген сапарыбыз Ыйсада аягына чыгат. Андан ары жана Андан жакшыраак эч нерсе жок.

Ыйсага Жакан ойлогондой таянсак, Ыйсанын биздин жашообузда болушу жана бизге берген убадасы бизди ушунчалык терең канааттандыргандыктан, күнөөнүн азгырыкка толгон жыргалчылыктарына алдырбай калабыз (Римдиктер 6-бөлүм 14-аятты караңыз). Мына ошондуктан Ыйсага болгон мындай ишеним күнөөнүн күчүн жок кылып, Ага тил алуу жөндөмүн берет деп айтабыз.

Жакан 4-бөлүм 14-аят да ушул эле ойду айтат: «Ал эми Мен берген суудан ичкен адам түбөлүк суусабайт. Мен бере турган суу анын ичинде түбөлүк өмүргө агып баруучу булакка айланат». Жакан 6-бөлүм 35-аятты да эске ала турган болсок, жогорудагы аятта сөз болгон куткаруучу ишенимге ээ болуу жандын эң терең эңсөөлөрүнүн канааттануусун билдирет. Булактын суусу ашып-ташып, сыртка агып чыккандай эле, ошол канааттануу да өз жемишин берет.

Жакан 7-бөлүм 37-38-аяттарда да ушундай ой айтылат: «Ыйса эл алдында туруп, бийик үн менен мындай деди: “Ким суусаса, Мага келсин жана ичсин. Ыйык Жазууда айтылгандай, Мага ишенген адамдын ичинен тирүү суу чыгат”».

Ишеним аркылуу Ыйса биздин ичибизде түбөлүк канааттануу берген жана асманга жетелеп барган өмүрдүн соолубас булагы болуп калат. Асманга бара жаткан жолубузда да күнөөнүн жалган ырахаттарына азгырылбаганга эркиндик берет. Ал муну бизге жиберген Өз Руху аркылуу кылат (Жакан 7:38-39).

«Келечектеги ырайым» аттуу насааттан үзүндү, 214-аят