24-март: Кызмат жана адамдардан коркуу

Jakshy Kabar Media

24-март: Кызмат жана адамдардан коркуу

Жон Пайперден насаат сөз

«Алардан коркпо. Сени куткаруу үчүн, Мен сени мененмин, – деди Теңир».

Жеремия 1:8

Теңирге кызмат кылууда катуу тоскоолдук кылган нерсе – бул адамдардын четке кагуусунан жана каршылык көрсөтүүнөн коркуу. Өзгөчө жаштардын арасында ушундай.

Биздин кылган иштерибиз жана сүйлөгөн сөздөрүбүз кээ бир адамдарга жакпай калышы мүмкүн. Адамдар каршы чыгышы же таарынышы мүмкүн. Ката кетирип, жемелөөгө кабылышыбыз мүмкүн. Акылыбызга ушул сыяктуу толгон-токой ойлор келет.

Адамдардан коркуу – кызмат кылууга катуу тоскоолдук кылган нерсе.

Ошондуктан Кудай мындай дейт: Коркпо, себеби Мен сени менен болом жана сени куткарам. Кудайдын коштоосу жана жактыруусу адамдардын бардык мактоолорунан артык. Кудай дагы мындай дейт: Башыңа түшкөн бардык балээлерде сени коргойм жана алардан сени куткарам. Аягында сен жеңип чыгасың. Жеңиш ээси болоруң анык.

Ыйса Машаякта бүгүнкү күндө да бизге ушундай эле убада берилет:

«Анткени Кудай Өзү: «Сени калтырбайм жана таштабайм», – деп айткан. Ошондуктан биз: «Теңир менин жардамчым, ошондуктан мен коркпойм, адам мага эмне кыла алат?» – деп, чечкиндүүлүк менен айта алабыз» (Эврейлер 13:5-6).
«Бул жөнүндө эмне демекчибиз? Эгерде Кудай биз тарапта болсо, бизге ким каршы чыга алат?» (Римдиктер 8:31).

Кудай жаш Жеремияга ушундай деген. Бүгүнкү күндө Өзү кызматка чакырып жаткан адамдарга да – жана башка баарыбызга – ушундай дейт: «Жашмын», – дебе, же «Өтө карымын» же «Өтө эле мындаймын, тигиндеймин», – дебе (Жеремия 1:7). Эмне үчүн?

Себеби сиздин жашооңуз бардык нерсени башкарып турган Кудайдын бузулбас пландарына негизделген. Сиз улуу план үчүн тандалгансыз, ыйыкталгансыз, жаралгансыз жана майлангансыз.
Себеби сиз кызмат кылганыңызда жана сүйлөгөнүңүздө, өзүңүздүн бийлигиңиз менен эмес, Кудайдын бийлиги менен кызмат кыласыз жана сүйлөйсүз.
Себеби бардык сыноолордо Кудай Өзү сиз менен болот жана сизди куткарат.

«“Мен али жашмын”, – деп айтпа» аттуу насааттан үзүндү