23-март: Түркөйлүк сөзсүз кудайсыздыкты жаратат!

Jakshy Kabar Media

23-март: Түркөйлүк сөзсүз кудайсыздыкты жаратат!

Жон Пайперден насаат сөз

«Бизди чакырып алган даңктуу, жеткилең Кудайдын кудайлык күчү бизге жашоо, такыбаа жашоо үчүн зарыл болгон нерселердин баарын берген. Буга биз Аны таанып билүү аркылуу ээ болдук».

2 Петир 1:3

Ыйык Китепте билим канчалык чоң күчкө ээ экени айтылганы мени таң калтырат.

Жогорудагы аятка дагы бир жолу кулак салыңыз: «Бизди чакырып алган даңктуу, жеткилең Кудайдын кудайлык күчү… бизге жашоо, такыбаа жашоо үчүн зарыл болгон нерселердин баарын берген. Буга биз Аны таанып билүү аркылуу ээ болдук» (2 Петир 1:3).

Жөнөкөй сөз менен айтканда, Кудай бизге жашоо жана такыбаалык үчүн керек болгон бардык күчтү билим аркылуу берет! Укмуш! Анда окутууну жана Ыйык Жазуудан таалим-тарбия берүүнү алдыңкы орунга койгонго канчалык аракет кылышыбыз керек! Себеби андан жашоо жана такыбаалык көз каранды.

Кеп билимге ээ болсок эле сөзсүз такыбаа болуп каларыбызда эмес. Андай эмес. Бирок түркөйлүк сөзсүз кудайсыздыкка алып келгендей көрүнөт. Себеби Петир бизди такыбаа жашашыбыз үчүн Кудайды таанып билүү аркылуу кудайлык күчкө ээ болуп калышса экен деп сыйынат.

1.Мындан төмөнкүдөй үч тыянак, эскертүү жана акыл-насаат алсак болот.Окуңуз! Окуңуз! Жана дагы да окуңуз! Бирок убактыңызды кооз угулганы менен эч кандай салмагы жок теологиялык окутууларга коротпоңуз. Андан көрө «бизди чакырып алган даңктуу, жеткилең Кудай» жөнүндөгү окутууларга бай китептерди окуңуз.

2. Ой жүгүртүңүз! Ой жүгүртүңүз! Жай ойлонуңуз. Ыйык Китепти окуп жатканыңызда, анын мааниси жөнүндө ойлонгонго убакыт бөлүңүз. Суроолорду бериңиз. Журнал жазыңыз. Момундук менен баш катырган жерлердин өзүңүздү кабатырлантканын мойнуңузга алыңыз. Бир караганда бири-бирине каршы келгендей көрүнгөн чындыктын эки бутагы кандай бириккенин байкоого аракет кылуудан терең түшүнүк келип чыгат.

3. Талкуулаңыз. Талкуулаңыз. Чындык үчүн күйүп-жанган чакан топко мүчө болуңуз. Жөн эле сүйлөп, көйгөйлөрдү талкуулап отура берген топко эмес, Ыйык Китептеги маселелердин Ыйык Китептик жооптору бар экенине жана ошолорду тапса болоруна ишенген топко мүчө болуңуз.

Эскертүү: «Элим Мени таанып билбегендиктен кырылды» (Ошуя 4:6). «Анткени мен аларга Кудай үчүн тырышчаактык көрсөтүшөрүн, бирок алардын тырышчаактыгы туура эмес түшүнүк боюнча экенин күбөлөндүрөмүн» (Римдиктер 10:2). Андыктан түркөйлүктүн өлүмгө дуушар кылуучу таасиринен сак болуңуз.

Акыл-насаат: «Ошондуктан таанып билели, Теңирди таанып билүүгө умтулалы» (Ошуя 6:3).

«Билимдин күчү» аттуу насааттан үзүндү