22-март: Шайтандын момпосуй дүкөнү

Jakshy Kabar Media

22-март: Шайтандын момпосуй дүкөнү

Жон Пайперден насаат сөз

«Машаяк биз үчүн денеси менен азап тарткандыктан, силер да ошол ой менен куралдангыла. Анткени денеси менен азап тарткан адам күнөө кылганын коёт».

1 Петир 4:1

Алгач, бул аят суроо жаратат. Эмне, Машаяк (азап чегүү аркылуу) күнөө кылганын токтотконбу? Жок! «Ал эч кандай күнөө кылган эмес» (1 Петир 2:22).

Бирок андан кийин анын маңызын түшүнөбүз. Машаяк биз үчүн азап чеккен деген ой менен куралдансак, биз да Аны менен чогуу өлгөнүбүздү түшүнөбүз. «Күнөөдөн арылып, адил жашашыбыз үчүн, Ал биздин күнөөлөрүбүздү Өзүнүн денеси менен жыгачка көтөрүп чыкты» (1 Петир 2:24). Аны менен чогуу өлгөнүбүздө, күнөө кылганыбызды коёбуз.

Римдиктер 6-бөлүмдө да дал ушундай ой айтылат. «Анткени күнөөкөр табиятыбыз жок болушу үчүн, мындан ары күнөөнүн кулдары болбошубуз үчүн, эски табиятыбыз Машаяк менен бирге айкаш жыгачка керилгенин билебиз. Анткени өлгөн адам күнөөнүн бийлигинен бошотулган… Ошондой эле силер да өзүңөрдү күнөө үчүн өлүкпүз, Теңирибиз Машаяк Ыйса аркылуу Кудай үчүн тирүүбүз деп эсептегиле» (Римдиктер 6:6-7, 11).

Петир: «Ушул ой менен куралдангыла!» – дейт.

Пабыл: «Өзүңөрдү күнөө үчүн өлүкпүз деп эсептегиле!» – дейт.

Ушул ой – ушинтип эсептөө – күнөөгө каршы согушта колдонуучу куралыбыз.

Шайтан бизди кумарланганга, уурдаганга, жалган айтканга, көз артканга, көрө албастык кылганга, өч алганга, кемсинткенге, коркконго азгырганда, ушул ойду курал катары колдонуңуз: Менин Теңирим мени күнөөдөн бошотуш үчүн азап чегип өлгөндө, мен күнөө үчүн өлгөнмүн!

Шайтан сизге: «Кумардын ырахатына баткандан баш тартып эмне кыласың?», «Бул маселени чечип эмне кыласың, анын ордуна алдап эле койбойсуңбу?», «Тартынбай, көзүң артып турган сонун буюмду ала бербейсиңби – анын зыяны тиймек беле сага?» «Ал сенин жүрөгүңдү кандай оорутса, акыйкаттык болушу үчүн, сен да ага ошондой жооп кайтарбайсыңбы?» – дегенде…

Ага мындай деп жооп бериңиз: Кудайдын Уулу мени күнөөдөн бошотуу үчүн азап чеккен (чындап азап чеккен!). Ал мага бактысыз өмүр сунуш кылыш үчүн азап чеккенине ишенбейм. Андыктан Ал Өз өлүмү аркылуу мага эмнени алып берген болсо, ошол нерсе күнөөнүн укмуш жыргалчылыктарына караганда дагы да укмуш болсо керек. Мен Ага ишенгендиктен, эми менин сенин азгырыктарыңа алдырып жибермей адатым алсырап, өлгөн.

Жогол, шайтан! Эми сенин момпосуй дүкөнүңдүн жанынан өтүп бара жатканымда, оозумдан шилекейим да акпайт.

«Шайтандын курчоосуна каршы колдонулчу курал» аттуу насааттан үзүндү