21-март: Кудайдын эң жакшы убадасы

Jakshy Kabar Media

21-март: Кудайдын эң жакшы убадасы

Жон Пайперден насаат сөз

«Өз Уулун аябастан, Аны баарыбыз үчүн берген Кудай кантип бизге Уулу менен кошо бардыгын бербесин?»

Римдиктер 8:32

Кудайдын келечектеги ырайымына тиешелүү болгон жана өзүнө эң көп нерселерди камтыган убада Римдиктер 8-бөлүм 32-аятта жазылган. Бул – мен үчүн Ыйык Китептеги эң баалуу аят. Мунун бир себеби бул убада өзүнө бардык нерсени камтыгандыктан, жашоомдун жана кызматымдын дээрлик ар бир жагдайында менин керегиме жараш үчүн дайыма даяр тургандыгында. Жашоомдо бул убаданы колдонгонго болбой турган бир да жагдай болгон эмес жана эч качан болбойт. 

Өзүнө бардык нерсени камтыган бул убада өзү жалгыз бул аятты эң баалуу кылбаса керек. Ушуга окшогон баарын кучагына алган башка убадалар да бар. Мисалы, 83-Забурдун 12-аятында: «Таза жүргөндөрдү Ал жакшылыктан ажыратпайт». Ошондой эле, 1 Корунттуктар 3-бөлүм 21-23-аяттарда: «Анткени баары силердики. Пабыл да, Аполос да, Кейфа да, дүйнө да, өмүр да, өлүм да, азыркы учур да, келечек да – баары силердики. Силер болсо Машаяктыкысыңар, Машаяк Кудайдыкы». Бул укмуштуу убадалар канчалык бардык нерсени кучагына алганына ашыра баа берүү мүмкүн эмес. 

Бирок Римдиктер 8-бөлүм 32-аятты өзгөчөлөнтүп турган нерсе – бул андагы логикадан убаданын келип чыкканы жана Кудай Өзүнүн Уулуна канчалык чексиз суктанса жана Аны канчалык сүйсө, бул убаданын да ошончолук бекем жана туруктуу экендиги.

Римдиктер 8-бөлүм 32-аятта камтылган пайдубал жана кепилдик ушунчалык күчтүү, бекем жана коопсуз болгондуктан, андагы убаданын бузулушу такыр мүмкүн эмес экенине бекем ишенсек болот. Мына ушул себептен бул убада катуу дүрбөлөңгө түшкөн учурларыбызда дайыма күч бергенге даяр. Башка нерселер жок болуп кетсе да, көңүл калтырса да, ишке жарабай калса да, келечектеги ырайымдын өзүнө бардык нерсени камтыган бул убадасы эч качан жардам бере албай калбайт. 

«Өз Уулун аябастан, Аны баарыбыз үчүн берген Кудай…» Убаданын пайдубалы – мына ушул. Асмандын логикасына ылайык, эгерде ушул чын болсо, анда Кудай Өзүнүн Уулун кимдер үчүн берген болсо, Аны менен кошо калган бардык нерсени берери да анык!

«Келечектеги ырайым» насаат сөздөн үзүндү, 109-110-беттер.