Жон Пайперден насаат сөз
«Азыр мен жашап жаткан жокмун, менин ичимде Машаяк жашап жатат. Ал эми азыркы денедеги жашоомду айта турган болсом, мени сүйгөн жана менин ордума Өзүн курмандык кылган Кудай Уулуна болгон ишеним менен жашап жатам».
Галатиялыктар 2:20
Бүгүн эртең менен 4:59 мүнөт өткөндө сааттын коңгуроосу кагылган маалда, көз ирмемге чыныгы өлүмдү жана толугу менен ыйык болгон Кудайдын алдында өз жашоомдон башка өзүм жөнүндө күбөлөндүрөр эч нерсем жок турганымды элестетип кеттим.
Бул үрөйдү учурган учурда жарк деп пайда болгон башка бир чындык мени сооротту: мына ошол үрөйдү учурган убакыт үчүн Ыйса Машаяк өлгөн.
Андан кийин бул элестетүү көз алдымдан жок болуп кетти.
Ошондо дароо бир нерсени сездим: Кимдир бирөө тобо кылганда, башынан дал ушундай нерсени кечирет. Ыйса Машаяктын чындап бар экени ушундайча ачылат. Ошондон кийин адам Машаяктын сүйүүсүн баалай баштайт. Күтүлбөгөн жерден ал өмүрүндө биринчи жолу өзүн айыптаган абийири менен Кудайдын алдында туруу деген эмне экенин сезип, ал чындыктан эч жакка качып кете албай турганын өз жүрөгүндө түшүнөт.
Бул көрүнүш адамды дүрбөлөңгө салат. Биздин үмүтүбүз бир гана Арачыда экендигин түшүнгөнгө түрткү берет. Кудай менен жекеме-жеке жолукканыбызда, күнөөкөр жашообуздан башка эч нерсебиз жок болсо, күнүбүз түбөлүккө бүткөнү ошол болот. Эгерде ушундай Кудайдын алдында түбөлүк өмүргө кандайдыр бир үмүт бар болсо, анда ага жетүү үчүн биз Куткаруучуга, күнөөлөрүбүздү Өзүнө алган Курмандыкка муктажбыз.
Мындай коркунучтуу каатчылык маалында бир гана «мени сүйгөн жана менин ордума Өзүн курмандык кылган» Ыйса Машаяктын Жакшы Кабары гана жарык сыяктуу жанат (Галатиялыктар 2:20). Ошол маалда Ыйса Машаякты көрөрдөн бир көз ирмем мурун Кудай бүт жан-дүйнөмдү каптап калган соттун караңгылыгын жана үрөй учурган коркунучун көргөнгө мүмкүнчүлүк берди. Бул теологиялык тыянак эмес, жөн гана рационалдуу жыйынтык эмес, жөн гана ой эмес, бирок жан дүйнөнүн көз карашы менен чындыкты көрүү жана анын аныктыгын сезүү.
Биздин Кудайыбыз жалмап салуучу от сыяктуу. Ал жамандыкты жөн гана карап турбайт. Анын алдында күнүбүз бүтөт. Ошол саамда мен канчалык күнөөкөр экенимди, бул талашсыз экенин көз ирмемге көрө алдым жана ошол күнөөм үчүн актанууга таптакыр мүмкүнчүлүк жок экенин түшүндүм. Капысынан жан-дүйнөм толугу менен чексиз үмүтсүздүккө малынгандай болду.
Ошол мезгилде Ыйса гана маанилүү болот. Оо, Машаяк! Оо, Машаяк! Сага болгон ыраазычылыгымды койнума кантип батырам?! Мага абадай зарыл болгон Кудайдын Белеги жана жалгыз муктаждыгым Сенсиң!
«Жыйын жетекчисинин журналынан» үзүндү