19-март: Жакшы Кабардын алты сүйлөмдөн турган кыскача баяндамасы

Jakshy Kabar Media

19-март: Жакшы Кабардын алты сүйлөмдөн турган кыскача баяндамасы

Жон Пайперден насаат сөз

«Себеби Машаяк да бизди Кудайга алып келүү үчүн, биздин күнөөлөрүбүз үчүн бир ирет азап тартты. Адил Адам адилетсиз адамдар үчүн азап тартты».

1 Петир 3:18

Сизге Жакшы Кабарды түшүнүп, андан ырахат алып, аны бөлүшкөнгө жардам берүү үчүн, анын төмөндөгү кыскача мазмунун сунуш кылам!

1) Кудай бизди Өзүнүн даңкы үчүн жараткан. 

«“Алыстан Менин уулдарымды, жер кыйырынан Менин кыздарымды алып кел. Менин ысымым менен аталган, Өзүмдүн даңкым үчүн жараткан, түзгөн жана орноткон ар бир адамды алып кел”, – деп айтам» (Ышайа 43:6-7). Кудайдын мүнөзүн жана адеп-ахлактык сулуулугун (аруулугун) чагылдырышыбыз үчүн, Ал ар бирибизди Өзүнө окшош кылып жараткан.

2) Демек, ар бир адам Кудайдын даңкы үчүн жашашы керек.

«Ошентип, ичсеңер да, жесеңер да, эмне кылсаңар да, баарын Кудайды даңкташ үчүн кылгыла» (1 Корунттуктар 10:31). Кудайдын даңкы үчүн жашоо – бул Аны сүйүү (Матай 22:37), Ага бекем ишенүү (Римдиктер 4:20), Ага ыраазычылык билдирүү (Забур 49:23), Ага баш ийүү (Матай 5:16), Аны баарынан жогору баалоо (Филипиялыктарга 3:8; Матай 10:37). Ушуларды кылганда биз Кудайдын даңкын чагылдырабыз (башкаларга көрсөтөбүз).

3) Ошентсе да, биз баарыбыз күнөө кылып, Кудайдын даңкынан айрылып калдык.

«Себеби бардыгы күнөө кетирип, Кудай ээ кыла турган даңктан айрылып калышкан» (Римдиктер 3:23). «Анткени алар Кудайды таанып билип туруп, Аны Кудай катары даңкташкан жок, Ага ыраазычылык билдиришкен жок. Өлбөс Кудайдын даңкын жок боло турган адамдын, канаттуулардын, жаныбарлардын жана сойлоп жүрүүчүлөрдүн бейнелерине алмаштырышты» (Римдиктер 1:21-23). Эч кимибиз тиешелүү түрдө Кудайды сүйгөн жокпуз, Ага ишенген жокпуз, Ага ыраазычылыгыбызды билдирген жокпуз, тил алчаак болгон жокпуз жана Аны баалаган жокпуз.

4) Демек, биз бардыгыбыз түбөлүк жазага татыктуубуз.

«Анткени күнөө үчүн жаза – (түбөлүк) өлүм, ал эми Кудайдын белеги – Теңирибиз Машаяк Ыйса аркылуу бериле турган түбөлүк өмүр» (Римдиктер 6:23). Теңирибиз Машаяк Ыйсага баш ийбегендер «Теңирден жана Анын кудуретинин даңкынан ажырап, түбөлүк өлүм жазасына тартылышат» (2 Тесалоникалыктар 1:9). «Булар түбөлүккө азап чегишет, адил адамдар болсо түбөлүк өмүргө ээ болушат» (Матай 25:46).

5) Ошентсе да, Кудай Өзүнүн улуу ырайымы менен Уулу Ыйса Машаякты бул дүйнөгө күнөөкөрлөргө түбөлүк өмүргө жол ачуу үчүн жиберди.

«Кудай бул дүйнөнү абдан сүйгөндүктөн, Өзүнүн жалгыз Уулун берди. Кудай Аны Ага ишенген ар бир адам өлбөй, түбөлүк өмүргө ээ болсун деп берди» (Жакан 3:16). «Машаяк биздин ордубузга каргышка калып, бизди мыйзамдын каргышынан кун төлөп куткарып алды» (Галатиялыктар 3:14). «Себеби Машаяк да бизди Кудайга алып келүү үчүн, биздин күнөөлөрүбүз үчүн бир ирет азап тартты. Адил Адам адилетсиз адамдар үчүн азап тартты» (1 Петир 3:18).

6) Демек, түбөлүк өмүр – бул Машаякка Теңир, Куткаруучу жана өз жашоосунун эң жогорку Баалуулугу катары ишене тургандарга берилген бекер белек.

«Теңир Ыйса Машаякка ишен, ошондо куткарыласың» (Элчилердин иштери 16:31). «Эгерде сен өз оозуң менен Ыйсаны Теңирим деп ачык таанысаң, Кудайдын Аны өлгөндөрдүн арасынан тирилткенине чын жүрөгүң менен ишенсең, анда куткарыласың» (Римдиктер 10:9). «Силер ырайымдын негизинде, ишеним аркылуу куткарылдыңар, бул силерден эмес, бул – Кудайдын белеги. Эч ким мактанбашы үчүн, бул кылган иштерден да эмес» (Эфестиктер 2:8-9). «Азыр мен жашап жаткан жокмун, менин ичимде Машаяк жашап жатат. Ал эми азыркы денедеги жашоомду айта турган болсом, мени сүйгөн жана менин ордума Өзүн курмандык кылган Кудай Уулуна болгон ишеним менен жашап жатам» (Галатиялыктар 2:20). «Теңирим Машаяк Ыйсаны таанып билүү артыкчылыгы үчүн башка нерсенин баарын пайдасыз деп эсептейм. Машаякка ээ болуу үчүн үчүн баарынан баш тарттым» (Филипиялыктар 3:8).

«Жакшы Кабардын кыскача баяндамасы: андан кубаныч алыңыз жана аны менен бөлүшүңүз» аттуу насаат сөздөн үзүндү