18-март: Эмне үчүн биз үмүтүбүздү бекем карманышыбыз керек?

Jakshy Kabar Media

18-март: Эмне үчүн биз үмүтүбүздү бекем карманышыбыз керек?

Жон Пайперден насаат сөз

«Ошол сыяктуу эле Кудай да убадалангандын мураскорлоруна Өз эркинин өзгөрбөстүгүн ачыгыраак көрсөткүсү келгендиктен, убадасын ант менен бекемдеди. Баш паанек тапкан жана алдыбыздагы үмүттү карманган биз Кудайдын калп айтууга мүмкүн болбогон өзгөргүс эки нерсеси – убадасы жана анты менен сооронушубуз үчүн ошондой кылды».

Эврейлер 6:17-18

Кудай карама-каршы иш кылбайт. Ал Өз убадалары, анттары жана Уулунун каны аркылуу ишке ашкырган биздин куткарылуубузду жарым-жартылай эле коопсуз кылып койгон эмес. 

Ыйса Өзүнүн каны менен камсыз кылган куткарылуу Анын элинин куткарылуусу үчүн жасалышы керек болгон жарым жартылай эмес, толук иш болгон.

Ошондуктан бизде: «Анда эмне үчүн бул каттын автору бизди үмүтүбүздү бекем карманганга үндөп жатат?» – деген суроо жаралбай койбойт (Эврейлер 6:18). Эгерде биздин үмүтүбүздү Ыйса Өзүнүн каны менен биротоло коопсуз жана жоготулгус кылган болсо (жаңы жана эски келишимдин айырмасы ушунда болсо), анда эмне үчүн Кудай бизге үмүтүбүздү бекем карманууну осуяттап жатат?

Мунун жообу төмөнкүдөй:

  • Машаяк биз үмүтүбүздү бекем карманбай коё беришибиз үчүн өлгөн эмес, тескерисинче, үмүтүбүзгө бекем карманганга күч бериш үчүн өлгөн.
  • Ал бизде үмүтүбүздү бекем кармануу каалоосун жок кылуу үчүн эмес, тескерисинче, үмүтүбүздү бекем кармана алгыдай кылып биздин эркибизди өзгөртүү үчүн, бизге каалоо берүү үчүн, Өзүнүн каны менен баа төлөгөн.
  • Ал үмүтүбүздү бекем кармануу керек деген осуятты жокко чыгаруу үчүн эмес, тескерисинче, ошол осуятты аягына чейин сакташыбыз үчүн, Өзүнүн каны менен баа төлөгөн.
  • Ал бизге эми мындай акыл-насаат айтылбашы үчүн эмес, ушундай акыл-насаатты аткарып, жеңишке жетишибиз үчүн, Өзүнүн каны менен баа төлөгөн.

Пабыл Филипиялыктар 3:12-аятта эмне кылган болсо, биз да дал ошондой кылышыбыз үчүн, Машаяк Өз өмүрүн берген: «Мен мунун баарына жеттим же жеткилең болдум дебейм. Бирок Машаяк Ыйса мага жеткен сыяктуу, мен да жетүүгө аракет кылам». Күнөөкөргө Машаяк берген күчтүн жардамы менен гана кыла алган нерсени жаса деп айтуу акылсыздык эмес, бул – Жакшы Кабар, тактап айтканда, Кудайдан үмүт кылуу.

Ошондуктан мен сизге чын жүрөгүмдөн өз акыл-насаатымды айтамын: Машаяк сизди эмне максат менен Өзүнүкү кылып алган болсо, сиз да ошол максатты ишке ашырыш үчүн, Анын сиздин ичиңиздеги кудуреттүү күчүнүн жардамы менен Ал берген үмүттү бекем карманыңыз. 

«Асманга бекем байланган үмүт» аттуу насаат сөздөн үзүндү