17-март: Сыйынуудагы жалын

Jakshy Kabar Media

17-март: Сыйынуудагы жалын

Жон Пайперден насаат сөз

«Кудайдын бардык убадалары Машаяк аркылуу “ооба”. Ошол себептүү Кудай даңкталыш үчүн Машаяк аркылуу Кудайга “Оомийин” дейбиз».

2 Корунттуктар 1:20

Сыйынуу – бул убадаларга, башкача айтканда, Кудайдын келечектеги ырайымынын кепилдиктерине болгон жооп.

Сыйынуу – бул Кудай камдап койгон келечектеги ырайымдын эсебинен колдонуу.

Сыйынуу бул бир жерде жакшы ниеттүү Кудай бар болсо керек деп караңгыда үмүттөнүү эмес. Тескерисинче, сыйынуу Кудайдын убадаларына таянып, камдалып коюлган келечектеги ырайымдын эсебинен күн сайын зарыл болгон өлчөмдө ырайымды колдонуу болуп саналат.

Ушул укмуш аяттын эки бөлүгүнүн ортосундагы байланышка маани бериңиз. «Ошол себептүү» деген сөзгө көңүл буруңуз: «Кудайдын бардык убадалары Машаяк аркылуу «ооба». Ошондуктан Кудай даңкталыш үчүн Машаяк аркылуу Кудайга «Оомийин» дейбиз».

Муну сөзсүз байкашыбыз үчүн, келиңиз, эки бөлүктү бөлүп көрсөтөлү: Биз сыйынганда Кудайга Машаяк аркылуу оомийин деп айтабыз, анткени Кудай Машаякта берген бардык убадаларына чечкиндүү оомийин деп айткан. Сыйынуу – бул Машаяктын урматына келечектеги ырайым жөнүндө берилген убадаларын ишке ашырышы үчүн Кудайга бекем ишеним менен жалынуу. Сыйынуу келечектеги ырайымга болгон ишенимибизди анын негизи болгон Ыйса Машаяк менен байланыштырат.

Бул бизди акыркы ойго алып келет: «Оомийин» деген сөз – сыйынуу учурундагы өзүнчө мааниге ээ болгон баалуу сөз. Бул сөз биринчи кезекте «Ооба, мен бул сыйынуу менен сыйындым» дегенди билдирбейт, «Ооба, Кудай ушул убадалардын бардыгын аткарды» дегенди билдирет.

Оомийин деген сөз «Ооба, Теңир, бул Сенин колуңдан келет» дегенди билдирет. Бул сөз «Ооба, Теңир, Сен кудуреттүүсүң. Ооба, Теңир, Сен акылмансың. Ооба, Теңир, Сен кайрымдуусуң. Ооба, Теңир, келечектеги бардык ырайым Сенден келет жана муну Машаяк ырастаган» дегенди билдирет.

«Оомийин» деген сөз жардам сурап сыйынгандан кийин үмүткө жана ишенимге толгон жүрөктөн чыккан жалынды билдирет.

«Келечектеги ырайым» аттуу китептен үзүндү, 105-б