16-март: Ыйса миссиясын аягына чыгарат

Jakshy Kabar Media

16-март: Ыйса миссиясын аягына чыгарат

Жон Пайперден насаат сөз

«Асман Падышачылыгы жөнүндөгү бул Жакшы Кабар бүт ааламга, бардык элдерге күбөлөндүрүү катары таратылат, ошондон кийин дүйнөнүн акыры келет».

Матай 24:14

Мен Ыйсанын жакшы кабар таратуу кызматына тиешелүү болгон ушул убадасынан башка мындан да шыктандыруучу убаданы билбейм.

Бул жерде «бул Жакшы Кабар таратылышы керек», «бул Жакшы Кабар таратылышы мүмкүн» деп эмес, «бул Жакшы Кабар таратылат» деп айтылат.

Бул чоң тапшырма да, улуу осуят да эмес. Бул талашсыз чындык, бекем ишенимди чагылдырган нерсе.

Ким мындай сүйлөөгө батына алат? Анын таралышын Ал кайдан билет? Жыйын өзүнүн миссионердик тапшырмасын аткарбай койбоосуна Ал кандайча толук ишене алат?

Жооп: жакшы кабар таратуу кызматынын ырайымы кайрадан төрөлүү ырайымы сыяктуу эле жеңилгис. Машаяк кудуреттүү бийликке ээ болгондуктан, жакшы кабардын бүт дүйнөгө жарыяланышын убада кыла алат. Ал жакшы кабар таратуунун келечектеги ийгилигин билет, анткени келечек Анын колунда. Бардык элдер жакшы кабарды сөзсүз угушат!

«Эл» деген сөз азыркы учурдагы «өлкө» деген маанини билдирбейт. Эски Келишимде элдер жөнүндө сөз болгондо, жебустуктар, периздиктер, хибиликтер, аморлуктар жана мааптыктар, канаандыктар жана пелиштиликтер жөнүндө айтылган болчу. «Элдер» – бул өздөрүнүн өзгөчө тилдери жана маданияттары бар болгон этникалык топтор. 116-Забур 1-аят: «Бардык элдер, Теңирди мактагыла! Бардык уруулар, Аны даңктагыла!» Элдерди жана урууларды биз бүгүнкү күндө улуттар деп атайбыз.

Кудайдын кудуреттүү бийлигине ээ болгон Уулу жана Жыйындын Башчысы катары, Ыйса Кудайдын ушул максатын кабыл алып, толук ишеним менен жар салган: «Асман Падышачылыгы жөнүндөгү бул Жакшы Кабар бүт ааламга, бардык элдерге күбөлөндүрүү катары таратылат, ошондон кийин дүйнөнүн акыры келет» (Матай 24:14).

Дүйнөлүк жакшы кабар таратуу кызматы сөзсүз ийгиликке жетишет. Ал ишке ашпай калбайт. Демек, биздин чоң ишеним менен сыйынганыбыз, чоң ишеним менен кызматка кошкон салымыбыз жана жеңишке жетебиз деген бекем ишеним менен кызмат кылып жатканыбыз жөндүү эмеспи!

«Ошондон кийин дүйнөнүн акыры келет» аттуу насааттан үзүндү