15-март: Куткаруучу үчүн бүлдүрүү иштерин кылуу

Jakshy Kabar Media

15-март: Куткаруучу үчүн бүлдүрүү иштерин кылуу

Жон Пайперден насаат сөз

«Анан алар: “Кудайдын Уулу, бизде эмне ишиң бар? Сен бизди белгиленген убакыт келе электе эле кыйнаганы келдиңби?” – деп кыйкыра башташты».

Матай 8:29

Бул окуяда жиндер бир сырды билип калышкан. Алар акыры өздөрүнүн күнү бүтөрүн билишкен. Кудайдын Уулу жеңишке жетерин билишкен. Бирок алар толук жеңиле турган убак келерден мурун эле Машаяк келерин билишкен эмес эле.

Машаяк согуш аягына чыкканда гана Өзүнүн аскерлерин акыркы салгылашууга жетелеп баруу үчүн күтмөк эмес. Ал шайтандын аймагында бүлүндүрүү иштерин уюштуруп баштаган эле. Ал кооптуу операцияларды ишке ашырган жана адамдарды өлүмдөн куткарган топту даярдаган эле. Акыркы чечүүчү жеңиштен мурун эле көптөгөн тактикалык жеңиштерге жетүүнү пландаштырган эле.

Ошондуктан азыр согушта жүргөн биз мындай ой жүгүртүшүбүз керек: шайтан өзүнүн күнү бүткөнүн так билсе, ал бизди өзүнүн артынан ээрчүүгө азгырса, биз ага ушул чындыкты эстетсек болот. Аны шылдыңдап: «Сен акылыңдан адашып калгансың го. Жеңилип жаткан тарапка ким кошулмак эле?!» – деп айтсак болот.

Жыйын – «бул дүйнөнүн төрөсүнүн» бийлигинен эркиндикке чыккан душман (2 Корунттуктар 4:4). Биз партизандар жана кайра-кайра шайтандын тынчын алган адамдарбыз. Биз «абада бийлик кылып жаткан төрөнүн» Кудайга каршы баш көтөрүү аркылуу түзгөн падышалыгына каршы чыккан көтөрүлүшчүлөрбүз (Эфестиктер 2:2).

Бул согуш коопсуз эмес. Бирок кызыктуу. Көптөгөн адамдар өмүрлөрүнөн айрылат. Шайтандын күчтөрү бүлүндүрүү иштерин уюштургандарды издеп жатат. Машаяк болсо өлгөнгө чейин күрөшкөндөрдүн баарына кайра тирилүүнү убада кылат. Бирок Ал ыңгайлуу жашоону, бул дүйнөнүн бизди кабыл алышын же душмандын аймагында гүлдөп-өскөн жашоо берүүнү убада кылган эмес.

Көптөгөн адамдар биздин Аскер башчыбыз үчүн душмандын аймагына кирип барып, өз жандарын жан дили менен курмандыкка беришкен. Менин оюмча, мындан өткөн жакшы жашоо же өлүү жолу жок!

«Убакыт келе электе» аттуу насааттан үзүндү