14-март: Биз жеңишке жетерибиз анык!

Jakshy Kabar Media

14-март: Биз жеңишке жетерибиз анык!

Жон Пайперден насаат сөз

«Ошондуктан Сени күчтүү элдер даңазалашат, коркунучтуу уруулардын шаарлары Сенден корко турган болушат».

Ышайа 25:3

Ышайа бардык элдер – бардык тилдердин өкүлдөрү – Ысрайылдын Кудай Теңири жана биз Ыйса катары тааныган Анын Машаягы менен касташпай кала турган күн келе турганын алдын ала көргөн.

Элдер Баалга же Небого же Молохко же Буддага же жыргал турмушту убада кылган социалдык программаларга же капиталисттик өсүү мүмкүнчүлүктөрүнө же ата-бабаларына же жаратылыштагы рухтарга табынбай калышат. Анын ордуна алар Кудайдын тоосунда даярдалган тойго ишеним менен келишет.

Ошондо аларды каптап турган кайгы алынат, өлүм жок кылынат, Кудайдын эли шылдыңдан арылат жана көз жаш деген нерсе түбөлүккө жоголот.

Ышайа 25-бөлүм 3-аятта көргөн көрүнүштү түшүнүү үчүн, анын тегерегинде ушундай нерселер айтылганын эске алышыбыз керек: «Ошондуктан Сени күчтүү элдер даңазалашат, коркунучтуу уруулардын шаарлары Сенден корко турган болушат». Башкача айтканда, Кудай «күчтүү элдерден» да күчтүүрөөк, Ал ушунчалык кудуреттүү жана ырайымдуу болгондуктан, аягында Ал коркунучтуу элдерди Өзүнөн корко турган (Өзүн урматтай турган) кылып коёт.

Ошентип, Ышайа бизге бардык элдердин Кудайга кайрылып табынганын, бардык элдер үчүн даярдалган улуу тойду, Кудайдын эли болуп калган элдердин бардык азап-кайгылардан жана шылдыңдан арылганын жана акырында өлүмдүн түбөлүккө жок кылынганын сүрөттөп берет.

Бул көрүнүш сөзсүз ишке ашат, себеби муну Кудай кылып жатат. Андыктан биз ушундай болоруна бекем ишенсек болот.

Дүйнө жүзүнө жакшы кабар таратуу ишине жумшалган эч бир өмүр текке кетпейт. Кудайдын Падышалыгын кеңейтүү ишине жумшалган бир да сыйынуу же бир да тыйын же бир да насаат же бир да шыктандыруучу кат же кайсыл бир караңгы жерде үлбүлдөп жанган бир да кичинекей жарык – эч бир иш текке кетпейт.

Биздин жеңишке жетерибиз анык.

«Таш боор элдердин шаарлары Сенден корко турган болушат» аттуу насааттан үзүндү