13-март: Ыйсада Кудай «оомийин!» дейт

Jakshy Kabar Media

13-март: Ыйсада Кудай «оомийин!» дейт

Жон Пайперден насаат сөз

«Кудайдын бардык убадалары Машаяк аркылуу “ооба”. Ошол себептүү Кудай даңкталыш үчүн Машаяк аркылуу Кудайга “Оомийин” дейбиз».

2 Корунттуктар 1:20

Сыйынуу – бул биздин жашообузда өткөн чак менен келечек кайра-кайра байланышкан жер. Мен муну бул жерде айтып жатканымдын себеби Пабыл жогорудагы аятта Кудайдын «ооба» дегенин таң калыштуу түрдө сыйынууга байланыштырганында.

Корунттуктарга жазган экинчи катында ал: «Ошол себептүү Кудай даңкталыш үчүн Машаяк аркылуу Кудайга “Оомийин” дейбиз», – дейт (1:20). Эми муну жөнөкөй сөз менен түшүндүрүп бергенге аракет кылалы.

Пабыл мындай деп жатат: «Ошондуктан Машаяктын аркасы менен биз сыйынууларыбызда Кудайга “оомийин” деп айта алабыз. Бул Кудай сыйынууларыбызда суранган жана таянган келечектеги ырайымды бизге берүү аркылуу даңкка ээ болорун билдирет».

Эгерде сиз эмне үчүн машаякчылар сыйынуунун аягында оомийин деген сөздү айтышат, аны ким ойлоп тапты экен деп ойлонгон болсоңуз, мунун жообу мындай. «Оомийин» деген сөз грек тилине эврей тилинен которулбай эле кошулуп калган. Кийин англис тилине жана башка тилдердин көпчүлүгүнө да которулбай эле кошулуп калган.

Эврей тилинде бул сөз салтанаттуу түрдө жан-дилден «Мен сөзүңө кошулам!» же «Сен айткан сөздөр ырас!» же «Туура!» дегенди билдирет. Жалпак тил менен айтканда, «оомийин» дегенибизде, Кудайга кайрылууда айткан сөздөрүбүздү жан дилибиз менен ырастаган болобуз.

Эми 2 Корунттуктар 1-бөлүм 20-аяттагы эки сүйлөмдүн ортосундагы байланышка көңүл буруңуз. Биринчи сүйлөм мындай: «Кудайдын бардык убадалары Машаяк аркылуу “ооба”». Экинчи сүйлөм мындай: «Ошол себептүү Кудай даңкталыш үчүн Машаяк аркылуу Кудайга “Оомийин” дейбиз».

«Оомийин» жана «Ооба» деген сөздөр бир эле нерсени билдирерин түшүнгөнүбүздө, бул аяттын мааниси мындай экени белгилүү болот: Ыйса Машаякта Кудай Өзүнүн убадалары аркылуу бизге «ооба» дейт; ошондой эле, Машаякта биз сыйынуу аркылуу Кудайга «ооба» дейбиз.

«Келечектеги ырайым» аттуу насааттан үзүндү, 104-бет.