12-март: Карапачы биз тарапта болгондо

Jakshy Kabar Media

12-март: Карапачы биз тарапта болгондо

Жон Пайперден насаат сөз

«Оо, Өзүнүн Жаратуучусу менен тирешкен сыныктын сыныгы! Карапачыга чопо: “Сен эмне кылып жатасың?” – деп айтмак беле? Сенин колуңдан чыккан иш сен жөнүндө: “Анын колу жок”, – деп айтмак беле?».

Ышайа 45:9

Жок нерседен жаралып калган жаратылыш аркылуу Кудайды караганыбызда, Анын улуулугу андан бетер көрүнөт. Ал жок нерсеге буйрук бергенде, ал бар нерсеге айланат.

Жок нерседен Ал чопо жаратат, анан чоподон Өзүнүн даңкына мураскер боло турган, толугу менен Андан көз каранды болгон жана Ага таандык чопо идиштер болгон бизди жаратат (Ышайа 45:9).

«Теңирдин Кудай экенин, Ал бизди жаратканын, биз Аныкы экенибизди, Анын эли жана Анын жайытындагы койлору экенибизди таанып билгиле» (Забур 99:3). Бирөөгө таандык болгон кой жана чопо идиш экенибизди билүү бизди момун кылат.

Бүгүн эртең менен Ышайанын китебин окуп жатып, Кудайдын улуулугу жөнүндөгү дагы бир жарыялоону таптым. Аны Кудайдын Жаратуучулук чексиз кудурети (бийлиги) жана укуктары менен чогуу караганымда, менин жүрөгүмдө «Бум!» деп бомба жарылгандай болду.

Ышайа: «Ал жерде [биз үчүн] биздин улуу Теңир… болот», – дейт (33:21).

Биз үчүн! Биз үчүн! Жаратуучу биз тарапта, бизге каршы эмес. Ааламдагы бардык бийликке жана Өзү жараткан нерселерге Өзү каалаганды кылганга эң жогорку укукка ээ болгон Кудай биз тарапта!

«Бул жөнүндө эмне демекчибиз? Эгерде Кудай биз тарапта болсо, бизге ким каршы чыга алат?» (Римдиктер 8:31)

Улуу Теңирдин сиз тарапта болушунан өткөн дагы да көп сооронуч берген, ишендирген жана кубанычка бөлөгөн чындык (деги) барбы?

«Карапачынын биз тарапта болгонун түшүнгөнүбүздө, жүрөгүбүз астын-үстүн болот!» аттуу насааттан үзүндү