11-март: Кудайдын чексиз күчүн жана чексиз мээримин көрсөткөн эки чындык

Jakshy Kabar Media

11-март: Кудайдын чексиз күчүн жана чексиз мээримин көрсөткөн эки чындык

Жон Пайперден насаат сөз

«Аягында эмне болорун Мен башынан алдын ала кабарлап келе жатам, али боло элек нерселерди Мен байыркы замандан бери айтып келе жатам: “Менин максатым ишке ашат, Мен эмнени кааласам, ошону жасайм».

Ышайа 46:10

Ыйык Китепте («Үчилтик» деген сөз сыяктуу) «эгемендүүлүк» деген сөз жок. Биз бул сөздү төмөнкү чындыкка тиешелүү кылып колдонобуз: Кудай эл аралык деңгээлдеги эң чоң жашыруун иштен тартып токойдогу эң кичине канаттуунун жерге кулап түшүшүнө чейинки нерселерди толугу менен башкарып турат.

Ыйык Китепте бул жөнүндө мындай айтылат: «Мен Кудаймын, Менден башка Кудай жок, Мага окшош эч ким жок… “Менин максатым ишке ашат, Мен эмнени кааласам, ошону жасайм”» (Ышайа 46:9-10). «Жерде жашагандардын баары эч нерсеге арзыбайт. Ал асман аскерлерине да, жерде жашагандарга да өз эркине ылайык мамиле кылат. Анын колуна тоскоолдук кыла ала турган же ага: „Эмне кылып жатасың?“ — дей ала турган эч ким жок» (Даниел 4:32). «Бирок Ал бекем экен. Аны ким жолдон чыгара алат? Ал Өз жүрөгүнүн каалаганын жасайт. Ошон үчүн Ал мага эмнени белгилеп койсо, ошону орундатат» (Аюб 23:13-14). «Биздин Кудайыбыз асманда; эмнени кааласа, ошону кылат» (Забур 113:11).

Бул чындык ишенүүчүлөр үчүн ушунчалык баалуу болуп саналат. Мунун бир себеби мындай: биз ушундай Кудай Өзүнө таянгандарга ырайымын жана боорукердигин көрсөтүүнү абдан кааларын билебиз. (Эфестиктер 2:7; Забур 36:3-7; Накыл сөздөр 29:25). Кудайдын бардык нерсени башкарып тургандыгы биз үчүн Кудайдын бул каалоосун эч ким буза албайт дегенди билдирет. Анын каалоосу ишке ашпай калбайт.

«Кудайды сүйгөндөрдүн» жана «Анын каалоосу боюнча чакырылгандардын» башына эч бир жамандык түшпөйт, тескерисинче эң терең, эң жогорку жана эң туруктуу жакшылык гана түшөт (Римдиктер 8:28; Забур 83:12).

Мына ушул себептен мен Кудайдын ырайымы жана эгемендүүлүгү (эң жогорку бийлиги) менин жашоомду кармап турган эгиз тирөөч деп айтканды жакшы көрөм. Бул эки нерсе мага келечекке болгон үмүт жана кызмат кылганга күч-кубат берет. Бул эки нерсе менин Кудай жөнүндөгү окутуумдун маңызы, менин никемди бекем кармап турган нерсе, бардык оорууларым үчүн эң жакшы дары жана көңүлүм чөккөн бардык учурларым үчүн даба болуп саналат.

Ал эми (эртеби, кечпи) дүйнө менен кош айтышканымда, бул эки чындык мени чексиз күчтүү жана чексиз назик колдору менен өлүм төшөгүнөн көтөрүп, Кудайга узатат.

«Абдан баалуу жана иш жүзүндө колдонулчу окутуу» аттуу насааттан үзүндү