10-март: Келгиле, Козуга таазим кылалы!

Jakshy Kabar Media

10-март: Келгиле, Козуга таазим кылалы!

Жон Пайперден насаат сөз

«Ошондо мен ал китепти ачып окууга, атүгүл, анын ичин кароого татыктуу эч ким табылбагандыгы үчүн аябай ыйладым».

Аян 5:4

Сиз өзүңүздүн сыйынууларыңызды асмандагы жыпар жыт катары элестетип көрдүңүз беле? Аян китебинин 5-бөлүмүн окуганыбызда, ушундай нерсени жана көз ирмемге асмандагы жашоону элестетебиз.

Аян 5-бөлүмдө Кудайдын тактыда колуна түрмөк китеп кармап отурганын көрөбүз. Ал түрмөк китепке жети мөөр басылган. Аны ачып окуш үчүн, оболу жети мөөрдү алып салыш керек эле.

Менимче, түрмөктүн ачылышы тарыхтын акыркы күндөрүнүн башталышын билдирет, ал эми жети мөөрдү алып салуу биз ошол акыркы күндөргө жакындаганда башыбыздан өткөрүшүбүз керек болгон кандайдыр бир доорду билдирет.

Оболу түрмөк китепти ачып окуганга татыктуу болгон эч ким табылбаганда, Жакан катуу ыйлап кирет (Аян 5:4). Бирок андан соң асмандагы аксакалдардын бирөөсү ага: «Ыйлаба, мына, Жүйүт уруусунан, Дөөттүн тукумунан чыккан Арстан жеңип чыкты. Мына Ошол жети мөөрдү алып салып, китепти ача алат», – дейт (Аян 5:5).

Ыйса айкаш жыгачтагы өлүмү аркылуу Кудайдын куткаруу тарыхынын калган бөлүгүн ачканга жана ал аркылуу Өзүнүн элин жеңишке жеткиргенге укук алган эле.

Кийинки аятта «мууздалган» Козу сыяктуу болуп турган Арстан сүрөттөлөт (Аян 5:6). Бул Ыйсанын айкаш жыгачтагы жеңишинин ажайып сүрөтү эмеспи! Ал Козу мууздалган болсо да, жерде жатпай, өйдө турат!

Бул сүрөт арстан душманды жеп-жутуп салганын, бирок мындай жеңишке жетиш үчүн душманга өзүн козу сыяктуу мууздаганга жол бергенин билдирери анык!

Демек, эми Козу куткаруу тарыхы жазылган түрмөктү Кудайдын колунан алып, ачканга татыктуу. Анын бул кылганы падышанын иш-аракетине ушунчалык окшош болгондуктан, асмандагы жыйырма төрт аксакал (мындайча айтканда, Кудайга табынуу кеңеши) Козунун алдына жыгылып, Ага таазим кылышат.

Ал эми жыпар жыттуу затка толгон алтын чөйчөктөр эмне экенин билесизби? Аян 5-бөлүм 8-аятта алар «ыйыктардын сыйынуусу» экени айтылат. Бул биздин сыйынууларыбыз асмандагы жыпар жыт, Кудайдын тактысынын жана Козунун алдында жыттанган жагымдуу жыт экенин билдирет эмеспи!

Менин сыйынууларым асманда топтолуп, сакталып, Машаякка асмандагы табынуу катары кайра-кайра тартуу кылынганын элестеткенимде, бул мага дагы да бат-бат жана жандуураак сыйынганга дем-күч берет.

Келгиле, баарыбыз төмөндө жерде да өз сыйынууларыбыз менен Машаякты даңктайлы, урматтайлы жана Ага таазим кылалы. Биздин сыйынууларыбызды асмандагы табынуу кеңеши мууздалган Козунун алдында жыпар жыттуу зат катары Машаякка кайра тартуулаганын элестетип, эки эсе кубанып шаттаналы.

«Козунун алдындагы биз тартуулаган жыпар жыттуу зат» аттуу насааттан үзүндү