Жон Пайперден насаат сөз
«Демек, Кудай силерди Өз убагында жогору көтөрүшү үчүн, Анын күчтүү колунун астында моюн сунгула. Бардык түйшүктөрүңөрдү Ага тапшыргыла, анткени Ал силер үчүн кам көрөт».
1 Петир 5:6-7
Эмне үчүн келечек жөнүндө түйшүк тартуу текебердиктин бир түрү болуп саналат?
Ышайа 51-бөлүм 12-аятты өзүбүздүн сөзүбүз менен түшүндүрүп бергенде Кудай буга мындай деп жооп бермек:
«Мен, силердин Жаратуучуңар, Өзүм силердин Сооротуучуңармын жана силер жөнүндө кам көргөн Кудаймын. Ал эми силерди коркуткан адамдар жөн эле өлө турган пенделер. Ошондуктан силер алардан корксоңор, демек силер Мага ишенбейсиңер. Өзүңөрдүн каражаттарыңар менен өзүңөргө кам көрө аларыңарга көзүңөр жетпесе да, Менин келечектеги ырайымыма таянгандын ордуна, эптеп-септеп өзүңөргө таянганды артык көрөсүңөр. Ошондуктан силер түйшүк тартканыңарда (коркконуңарда) өзүңөрдү канчалык алсыз сезсеңер да, бул силердин текебер экениңерден кабар берет».
Мунун дабасы эмне? Өзүбүзгө таянууну таштап, Кудайга таянуу жана бардык муктаждыктарыбызды толтурганга күчү жеткен Кудайдын келечектеги ырайымынын убадасына ишеним артуу.
Түйшүк тартуу текебердиктин бир түрү экенин Петирдин биринчи катынан да көрсөк болот. Төмөндөгү аяттардын ортосундагы грамматикалык байланышты байкаңыз. «Анын күчтүү колунун астында моюн сунгула… [андан кийин 7-аят уланат] Бардык түйшүктөрүңөрдү Ага тапшыргыла» (1 Петир 5:6-7). Жетинчи аят жаңы сүйлөм эмес, 6-аяттагы сүйлөмдүн уландысы болгон багыныңкы сүйлөм болуп саналат. Бул эки аят түп нускада бири-бири менен төмөнкүдөй байланышып турат: «Бардык түйшүктөрүңөрдү Ага тапшырып, Анын күчтүү колунун астында моюн сунгула».
Демек, түйшүктөрүбүздү Кудайга тапшыруу Кудайдын күчтүү колунун астында моюн сунуунун бир жолу болуп саналат. Муну мындай сүйлөмдөргө окшоштурсак болот: «Тамакты оозуңду жаап жеп, чалпылдатпай чайнаганды үйрөн» же «Жолдон көзүңдү албай, унааңды этият болуп айда» же «Ыраазычылык (түшүм) майрамында үйүңө бирөөнү конокко чакырып, өзүңдүн берешендигиңди көрсөт» же «Түйшүктөрүңөрдү Ага тапшырып, Анын… астында моюн сунгула».
Кудайга моюн сунуунун бир жолу – бул бардык түйшүктөрүбүздү Ага тапшыруу. Демек, бизге түйшүктөрүбүздү Ага тапшырганга жол бербеген нерсе – бул текебердик. Демек, орунсуз түйшүк тартуу (кабатырлануу) текебердиктин бир түрү болуп саналат. Түйшүк тарткан адам канчалык алсыз көрүнсө да же өзүн канчалык алсыз сезсе да, бул баары бир текебердик болуп саналат.
Бирок эмне үчүн Теңирге түйшүктөрүбүздү тапшыруу текебердиктин карама-каршылыгы болуп саналат? Себеби текебер адам түйшүк тартканын же өзүнө кам көргөнгө кудурети жетпегенин мойнуна алгысы келбейт. Эгерде текебер адам өзү жеке түйшүктөрүнөн (коркунучтарынан) арыла албаганын мойнуна алгысы келбесе, демек ал мындан арылуу үчүн өзүнөн акылдуураак же күчтүүрөөк бирөөгө ишеним артуу керектигин мойнуна алгысы келбейт.
Башкача айтканда, текебердик ишенбестиктин бир түрү болуп саналат жана Кудайдын келечектеги ырайымына ишеним артууну каалабагандыкты билдирет. Ал эми ишеним муктаждыкты моюнга алууну билдирет. Текебер адам мындай кылбайт. Ишеним Кудайдын жардамына таянууну билдирет. Текебер адам мындай кылбайт. Ишенген адам түйшүктөрүн Кудайга тапшырат. Текебер адам мындай кылбайт.
Ошондуктан, ишенимге жол бербеген текебердикке каршы күрөшүү үчүн, түйшүк тартып жатканыбызды дароо мойнубузга алып, «Ал силер үчүн кам көрөт» деген сөздөрдө камтылган келечектеги ырайымдын убадасын бекем карманышыбыз керек. Андан соң түйшүктөрүбүздү (коркунучтарыбызды) Кудайдын күчтүү желкесине жүктөшүбүз керек.
«Келечектеги ырайым» аттуу китептен үзүндү, 94-95-беттер.