8-март: Жүрөгүңүздү кенен ачыңыз!

Jakshy Kabar Media

8-март: Жүрөгүңүздү кенен ачыңыз!

Жон Пайперден насаат сөз

«Чала сынган камышты сындырып салбайт, түтөп жаткан чырактын билигин өчүрүп салбайт».

Ышайа 42:3

Акыркы бир нече жуманын ичинде мага эң көп дем берген сөздөр Ышайа 42-бөлүм 1-3-аяттарда камтылган пайгамбарчылык сөздөр болсо керек. Ал жерде Ыйса Өзүнүн рухий күчүн кандайча колдоно турганы жөнүндө сөз болот.

Сиз өзүңүздү «чала сынган камыштай» же башы оор болгондуктан, сабагы төмөн ийилип, жерге салаңдаган, гүлдөрү азык ала албай соолуп бара жаткан Пасах лилиясындай сезип жатасызбы? Сизде ишенимиңизди жалындаган оттой эмес эле, туулган күндө үйлөп эле койсо өчүп кала турган шамдай сезген убактар болобу?

Кайраттаныңыз! Машаяктын Руху – дем-күч берген Рух: Ал сиздин гүлүңүздү үзүп салбайт, Ал сиздин үлбүлдөгөн отуңузду өчүрүп салбайт.

«Теңирдин Руху Менде, анткени Ал Мени жакырларга Жакшы Кабар таратууга дайындады» (Лука 4:18). «Чындыктын Күнү чыгат. Анын нурларында айыгуу бар» (Малахия 4:2). «Мен жоошмун жана момунмун. Ошондо жаныңарга тынчтык табасыңар» (Матай 11:29). «Теңирден үмүттөн, кайраттуу бол, жүрөгүң бекем болсун, Теңирден үмүттөн» (Забур 26:14).

Биз жалындаган оттун ордуна жөн гана учкун болуп калганыбыз үчүн кайгырышыбыз мүмкүн. Бирок кулак салыңыз жана кайраттаныңыз: албетте, учкун менен оттун айырмасы чоң. Бирок учкун менен учкуну жок болуунун ортосунда чексиз айырма бар! Сары кычы данындай ишеним ишенимсиздикке караганда тоодой ишенимге жакыныраак эмеспи!

Кудайдын убадаларын эстеңиз жана Рухка жүрөгүңүздөн терең орун алышына жол бериңиз. Кудайдын Ыйык Шамалы сизди сындырып жана өчүрүп салбайт. Ал сиздин төмөн ийилип калган башыңызды өйдө көтөрүп, учкунуңузду жалынга айлантат. Ал – кайраттандыруучу Рух.

«Кайраттандыруучу Рух» аттуу насаат сөздөн үзүндү