7-март: Мен кантип Рухка толо алам?

Jakshy Kabar Media

7-март: Мен кантип Рухка толо алам?

Жон Пайперден насаат сөз

«Ал эми буга чейин жазылгандын баары биздин үйрөнүшүбүз үчүн жазылган. Анткени биз Ыйык Жазуу аркылуу чыдамдуулукка жана кайраттуулукка ээ болуп, үмүтүбүздү үзбөйбүз».

Римдиктер 15:4

Ыйык Рухка кантип толсок болот? Бизди бекем кубанычка толтурган, эркиндик берип, айланабыздагы адамдарды нукура сүйүү менен ушунчалык сүйүп, алардын жандарын Машаяк үчүн жеңип алганга жөндөмдүү кылган Ыйык Рухтун жыйыныбызга жана өзүбүзгө төгүлүшүн кантип тажрыйбаласак болот?

Жооп: Кудайдын эң баалуу болгон жана үмүт берген убадалары жөнүндө күнү-түнү ой жүгүртүңүз. Римдиктер 15:4-аятта айтылгандай, Пабылдын жүрөгү дайыма үмүткө, кубанычка жана сүйүүгө толгон. «Ал эми буга чейин жазылгандын баары биздин үйрөнүшүбүз үчүн жазылган. Анткени биз Ыйык Жазуу аркылуу чыдамдуулукка жана кайраттуулукка ээ болуп, үмүтүбүздү үзбөйбүз».

Бекем үмүт берген ишеним Кудайдын Сөзүндөгү убадалар жөнүндө ой жүгүртүүдөн келип чыгат. Бул тогуз аяттан кийин айтылган «Ыйык Рух Өз кудурети менен үмүтүңөрдү көбөйткөндөн көбөйтөт» деген сөзгө карама-каршы келбейт (Римдиктер 15:13; КИ). Себеби Кудайдын Ыйык Руху Ыйык Жазуунун автору болуп саналат. Анын Сөзү Анын ишинин каражаты болуп саналат. Ошондуктан Анын бизди үмүткө толтуруу үчүн бизди Өзүнүн сөзүндөгү убадалары менен толтурганы кадыресе нерсе.

Үмүт – бул ашказан оорусу сыяктуу жок жерден пайда болгон кандайдыр бир бүдөмүк сезим эмес. Үмүт – бул Рухтун Сөзү аркылуу бизге убада кылынган эң сонун келечек чындап эле ишке ашат деген бекем ишеним. Демек, Рухка толуу үчүн Анын Сөзүнө толуу керек. Рухтун күчүнө ээ болуунун жолу – бул Анын Сөзүндөгү убадаларга ишенүү.

Анткени убадаларды камтыган ошол Сөз бизди үмүткө толтурат, үмүт бизди кубанычка толтурат, кубаныч болсо бизге жакыныбызды сүйгөнгө күч жана эркиндик берет. Мына ушул Ыйык Рухка толуу дегенди билдирет.

«Баалуу убада: Кудайдын Рухунун төгүлүшү» аттуу насаат сөздөн үзүндү