6-март: Кудай момундарга назарын салат

Jakshy Kabar Media

6-март: Кудай момундарга назарын салат

Жон Пайперден насаат сөз

«Сенин баш паанаң – байыркы Кудай, сени түбөлүктүү колдор коргойт».

Мыйзамды кайталоо 33:27

Сиз азыр өзүңүздү Ыйса жана Анын эли үчүн кымбат баалуу кызматка даярдап жаткан нерселерди баштан кечирип жаткандырсыз. Адамдын үмүтү таш капканда, б.а. катуу ташка урулуп талкалангандай жана андан ары жол жоктой сезилгенде, ошол таш Түбөлүк Аска-Зоо болгон Кудай болуп чыгышы мүмкүн.

Биз үй-бүлөбүз менен эртең мененки тамак учурунда окуган 137-Забурдун 6-аяты эсиме түштү: «Теңир жогоруда болсо да, момунду көрүп турат».

Сиз өзүңүз таянган нерселерден канчалык үмүт үзүп, көңүлүңүз чөгүп кетсе да, Кудай сизди көрбөй жана сизге кам көрбөй калгандай деңгээлге чейин чөгүп кетпейсиз. Чындыгында, Кудай сизди кулап бара жаткан жериңизден кармап калыш үчүн күтүп турган болот. Муса айткандай: «Сенин баш паанаң – байыркы Кудай, сени түбөлүктүү колдор коргойт» (Мыйзамды кайталоо 33:27).

Ооба, Ал сиздин калтырап-титиреп, тайгаланып баратканыңызды көрүп турат. Ал сизди жерге жеткирбей эле кармап кала алат (буга чейин көп жолу ушундай кылып келген). Бирок бул жолу Ал сизге жаңы сабак үйрөткүсү келет.

«Сенин мыйзамдарыңды үйрөнүш үчүн, азап тартканым жакшы болду» (Забур 118:71). Бул жерде Забурчу тарткан азабы жеңил, кызыктуу же жагымдуу болду деген жок. Ал болгону артка кылчайып карап: «Бул мен үчүн жакшы болду», – дейт.

Өткөн жумада Шотландиялык кызмат кылуучу Жеймс Стюарттын китебин окудум. Ал: «Жаракат алган жоокерлер гана сүйүү менен кызмат кыла алышат», – дейт. Ошондуктан мен биз азыркы учурда сүйүүнүн баалуу кызматына даярдалып жатабыз деп ишенем. Анткени биз жаракат алып жатабыз.

Сиздин жаракатыңыздын Кудайдын ырайымдуу планына тиешеси жок деп ойлобоңуз. Анын сөзүн эстеңиз: «Өзүңөр көрүп турасыңар, бул – Мен, Кудаймын, Менден башка Кудай жок. Өлтүргөн да, тирилткен да Менмин, ооруткан да, айыктырган да Менмин» (Мыйзамды кайталоо 32:39).

Кандайдыр бир оор жүктүн айынан кыйналып жаткан сизге Кудай өзгөчө ырайымын берсин. Кудай азыр да сизге төгүп жаткан сүйүүнүн жаңы назиктигин сезгенге жан дилиңиз менен аракет кылыңыз.

«Жарадар болгон жоокерлер гана кызмат кыла алат» аттуу насаат сөздөн үзүндү