5-март: Кубанычыңызды Ыйсадан издеңиз!

Jakshy Kabar Media

5-март: Кубанычыңызды Ыйсадан издеңиз!

Жон Пайперден насаат сөз

«Бардык иштерин элдин көзүнө көрүнүү үчүн жасашат….Ошондой эле тойлордо төрдө отурууну, синагогаларда алдыңкы орундарда отурууну, эл чогулган жайларда алик алууну жана адамдардын аларга “Устат! Устат!” деп кайрылып турганын жакшы көрүшөт».

Матай 23:5-7

Өзүн-өзү сыйлоо өзүн-өзү жактырууну талап кылат. Эгерде биз өз алдынча болуудан (башкаларга муктаж болбоодон) ырахат алсак, башкалар биздин өз алдынчалыгыбызды көрүп, кол чаап мактамайынча, канааттанууну сезбейбиз.

Мына ошондуктан Ыйса Матай 23:5-аяттагы мыйзам окутуучулар менен фарисейлерди: «Алар өздөрүнүн бардык иштерин башкаларга көрүнүү үчүн жасашат», – деп сүрөттөгөн.

Бул тагдырдын тамашасы сыяктуу. Өз алдынча болгон (башкаларга муктаж болбогон) адам текебер болуп, өзүн башкалардын көңүл буруусуна муктаж сезбеши керек эмеспи? «Өз алдынчалык» деген мына ушуну билдирет да. Бирок бул өз алдынчалык деп аталган нерседе кандайдыр бир боштук бардай көрүнөт.

Адам эч качан өзүн канааттандыруу же өзүнө таянуу үчүн жаратылган эмес. Адам эч качан өз алдынча боло албайт. Биз Кудай эмеспиз. Биз Кудайдын бейнеси боюнча жаратылганбыз. Ал эми бизди Кудайга «окшош» кылган нерсе – бул биздин өз алдынчалыгыбыз эмес. Биз көлөкө жана жаңырыкпыз. Ошондуктан өзүнүн каражаттарынан канааттануу алганга аракет кылган жан дүйнөбүздө ар дайым боштук болот.

Башкалардын мактоосуна мындай курулай умтулуу текебердиктин натыйжасыздыгын жана Кудайдын туруктуу ырайымына болгон ишенимдин жоктугун билдирет. Ыйса адамдардын даңктоосуна умтулуунун коркунучтуу кесепеттерин көргөн. Ал бул жөнүндө Жакан 5:44-аятта мындай дейт: «Жалгыз Кудайдын даңктоосун күтпөстөн, бири-бириңерден даңктоо кабыл алып жатсаңар, кантип ишене аласыңар?» Жооп: ишене албайсыз. Башка адамдардан даңк издөө ишенимди жокко чыгарат. Эмнеге?

Анткени ишеним назарын өзүнө эмес Кудайга бурат. Ишеним – бул Кудай Ыйсада Өзүн бизге кандай ачып берсе, ошого канааттануу. Ал эми эгерде сиз өзүңүзгө канааттануу үчүн башкалардын мактоосун алууга аракеттенсеңиз, анда Ыйсадан баш тарткан болосуз. Ыйса мындай эмес. Ал Атасынын даңкы үчүн жашайт жана бизди да ошого үндөйт.

Ал эми канааттануунун булагы катары өзүңүздөн баш тартып (тобо кылсаңыз), Кудай Ыйсада Өзүн кандай ачып берген болсо, ошонун баарынан ырахат алуу үчүн Ыйсага келсеңиз (ишенсеңиз), анда боштуктун суусоосу жоголуп, анын ордуна Ыйса «түбөлүк өмүргө агып баруучу булак» деп атаган толуктук келет (Жакан 4:14).

“Келечектеги ырайым” аттуу китептен алынган үзүндү, 92-бет