4-март: Кудай сизге ырайым кылуудан кубаныч алат!

Jakshy Kabar Media

4-март: Кудай сизге ырайым кылуудан кубаныч алат!

Жон Пайперден насаат сөз

«Мен алар менен түбөлүк келишим түзөм. Ал түбөлүк келишим боюнча Мен алардан баш тартпайм, аларга ырайым кылам….Аларга ырайым кылганыма кубанам».

Жеремия 32:40-41

Бул менин көңүлүм чөккөндө кайра-кайра эстеп карманган Кудайдын убадаларынын бири болуп эсептелет. Кудай сизге ырайым кылганына кубанат дегенден башка дагы кѳбүрѳѳк шыктандыруучу чындык барбы? Ал сизге ырайым кылып эле койбойт же ырайым кылууда ишенимдүү болуп эле койбойт. Мунун өзү эле укмуш нерсе эмеспи. Бирок Ал сизге ырайым кылганы үчүн кубанат. «Мен аларга ырайым кылганыма кубанам».

Ал Римдиктер 8-бөлүм 28-аяттагы бардык нерсе биздин жакшылыгыбызга болот деген убадасын кѳңүлдѳнүү менен аткарат. Сизге ырайым кылуу – Анын кубанычы. Ал кээде гана эмес, ар дайым ушундай кылат! «Мен аларга ырайым кылуудан баш тартпайм». Ѳзүнүн балдарына, Өзүнө ишеним арткандарга жакшылык кылууда Ал тынбай ишенимдүүлүк көрсөтөт жана ар дайым кубаныч алат.

Бул бизди ѳтѳ кубандырышы керек!

Бирок кээде кубануу кыйынга турат. Биздин абалыбыз ушунчалык оор болгондуктан, эч кандай кубанычка бөлөнө албайбыз. Ушундай абалга түшкѳндѳ, мен өзүм Ыбрайым пайгамбарды туураганга аракет кылам: «Ал үмүттөнгүдөй эч нерсеси жок болгон учурда да, үмүт менен ишенген» (Римдиктер 4:18). Башкача айтканда, сиз да үмүтсүз абалыңызга тике карап: «Сен Кудайдай күчтүү эмессиң! Ал мүмкүн эмес нерсени жасай алат. Ошондой эле, Ал муну Ѳзүнѳ ишенген адамдар үчүн жасаганды жакшы көрөрүн билем. Ошондуктан, үмүтсүздүк, акыркы сөз сеники эмес. Мен Кудайга ишенем!» – деп айтыңыз.

Кудай ушул убакка чейин Өз ишенимдүүлүгү менен менин ушундай ишенимимдин кичинекей отун өчүрбөй сактап, акырындык менен аны бакыттын жана бекем ишеничтин жалынына айлантып келди. Менин ушундай кубанычымдын чоң бөлүгү Жеремия 32-бөлүм 41-аяттагы убададан келет.

Кудуреттүү Кудайдын жүрөгүн кубанткан дагы бир нерсе сиз экөөбүзгө ырайым кылуу экенин билүү мени чоң бакытка бөлөйт! «Мен аларга ырайым кылганыма кубанам».

«Сага берилген убада» аттуу насаат сѳздѳн үзүндү