3-март: Кудай жакшы иштерди кылууга болгон ниетибиз аркылуу иштейт

Jakshy Kabar Media

3-март: Кудай жакшы иштерди кылууга болгон ниетибиз аркылуу иштейт

Жон Пайперден насаат сөз

«Кудайыбыз силерди Өзүнүн чакырыгына татыктуу кылсын деп, жакшы иштерди кылууга болгон ниетиңерди ишке ашырсын деп, ишенимден улам кыла турган иштериңерди Өзүнүн күчү менен аягына чыгарсын деп, силер үчүн дайыма сыйынабыз».

2 Тесалоникалыктар 1:12

Жакшы иштерди кылууга болгон ниеттерибизди ишке ашыруу үчүн Кудайдын күчүн издегенибиз биздин өзүбүздө мындай ниеттер жок же өз эркибизди колдонбойбуз дегенди билдирбейт.

Кудайдын күчүнүн катышуусу эч качан биздин эркибиздин ордун ээлебейт! Биздин ыйыкталуубузда Кудайдын күчү бизди эч качан аракетсиз калтырбайт! Кудайдын күчү биздин эркибиздин ордуна эмес, анын алдында же артында же жанында чогуу иштейт.
Биздин жашообузда Кудайдын күчү биздин эркибиздин жоктугу аркылуу көрүнбөйт, тескерисинче, биздин эркибиздин күчтүүлүгү жана эркибизде кубанычтын болушу аркылуу көрүнөт.

«Мен Кудайдын кудуреттүү бийлигине ишенем жана эч нерсе кылбай отура берем», – деген адам чындыгында Кудайдын бардык нерсени башкарып турганына ишенбейт. Себеби Кудайдын кудуреттүү бийлигине ишенген адам кантип эле Ага ушинтип ачык эле баш ийбей коймок эле?

Сиз эч нерсе кылбастан, аракетсиз отурганыңызда, чындыгында эч нерсе кылбай отурбайсыз. Өз эркиңизди толук колдонуп, эч нерсе кылбай отуруу чечимин ишке ашырып жаткан болосуз. Эгер сиз жашооңуздагы күнөөнү же азгырыкты ушундай жол менен чечсеңиз, б.а. эч нерсе кылбай, күрөшпөй отура берсеңиз, анда бул ачыктан-ачык баш ийбөөчүлүк болуп саналат, анткени бизге жакшы аскер сыяктуу күрөшүү (1 Тиметей 1:18), шайтанга каршы туруу (Жакып 4:7), ыйык болууга умтулуу (Еврейлер 12:14) жана күнөөкөр табияттын иштерин өлтүрүү буйругу берилген (Римдиктер 8:13).

2 Тесалоникалыктар 1-бөлүм 11-аятта айтылгандай, биз жакшы иштерди кылууга болгон ниетибизди жана ишенимден улам кыла турган иштерибизди Кудайдын күчү менен ишке ашырабыз. Бирок бул «ниет» жана «иш» деген сөздөрдүн маанисин жокко чыгарбайт. Кудайдын чакырыгына татыктуу жашоо процессинде бир жагынан биздин эркибиз адил иштерди кылууга болгон ниетибизди ишке ашыруу үчүн жигердүү катышат.

Эгер сиздин жашооңузда таштабаган күнөөңүз болсо же эч кандай күрөшүүсүз куткарылууну күтүп жүргөнүңүз үчүн, кандайдыр бир жакшы ишти кылууга кайдыгер мамиле кылып жатсаңыз, анда тил албастыгыңыздын мындан да көбөйүүсүнө өбөлгө түзүп жаткан болосуз. Кудай эч качан сиздин жашооңузда Өзүнүн күчүн сиздин эркиңизди колдонууга мүмкүнчүлүк берүүдөн башка жол аркылуу көрсөтпөйт. Башкача айтканда, Ал сиздин жакшы иштерди кылууга болгон ниетиңиз, ​​жакшы тилектериңиз, пландарыңыз жана максаттарыңыз аркылуу иштейт.

Демек, Кудайдын кудуреттүү күчүнө ишенген адамдар өз эркин ыйыктык үчүн күрөшүүдө колдонуудан коркпошу керек. «Тар эшиктен кирүүгө аракеттенгиле. Силерге айтып коёюн, көптөр кирүүгө аракеттенишет, бирок кире алышпайт» (Лука 13:24). Болгону ишенимиңиз менен аракет кылыңыз, ошондо Кудай сиздин аракетиңиз аркылуу сиздеги тилекти да, аракетти да Өзүнүн жакшы ниети боюнча жаратат (Филипиялыктар 2:13).

«Жакшы ниеттерибиз аркылуу Кудай даңкталат» аттуу насааттан үзүндү