2-март: Убадалар менен куралданыңыз

Jakshy Kabar Media

2-март: Убадалар менен куралданыңыз

Жон Пайперден насаат сөз

«Жүрөгү таза адамдар бактылуу, анткени алар Кудайды көрүшөт».

Матай 5:8

Пабыл күнөөкөр табияттын иштерин «Рухтун жардамы менен» өлтүрүү керектигин айтканда (Римдиктер 8:13), мен муну Рухтун курал-жарагынын арасынан ушундай иштерди өлтүргөн бир куралды колдонушубуз керек деген мааниде түшүнөм. Ал курал – рухий кылыч болгон «Кудай Сөзү» (Эфестиктер 6:17).

Демек, денебиз кандайдыр бир коркунуч же кумарга алдырып, күнөө жасап койгонго азгырылса, Рухтун кылычын алып, ошол коркунуч же кумарды өлтүрүшүбүз керек. Бул менин жеке тажрыйбамда күнөө убада кылган ырахатты андан да чоңураак убаданын күчү менен түп-тамыры менен жок кылуу дегенди билдирет.

Мисалы, мен кандайдыр бир күнөөлүү жыныстык кумарга батканга азгырылып баштаганымда, «Жүрөгү таза адамдар бактылуу, анткени алар Кудайды көрүшөт» деген убаданын кылычы менен ырахатты убада кылган каалоонун тамырын үзө чабам (Матай 5:8). Кудайды көрүүдөн алган мурунку ырахаттарымды булганбаган абийирим менен так эстей баштайм. Ошондой эле, күнөөкөр ырахат мурун канчалык кыска болгонун жана терең болбогонун, анын натыйжасында канчалык катуу кыйналганымды эстейм. Ушундайча Кудай күнөөнүн мени ээлеп алчу күчүн өлтүрөт.

Азгырылган маалда колубузда убадалар болсо, аларды күнөөгө каршы согушууда ийгиликке жетүүнүн бир жолу катары колдонсок болот.

Бирок кээде жагдайыбызга карата Кудайдын кайсыл сөзүн так колдонушубуз керектигин билбей калган учурлар болот. Ыйык Китептен убада издеп тапканга убактыбыз болбой калат. Ошондуктан кандайдыр бир коркунуч же кумарлуу каалоолор жолдон адаштырганга аракет кылганда, курал катары колдонгонго даяр турган жалпы убадаларга ар бирибиз ээ болушубуз керек.

Күнөөгө каршы күрөшүүдө эң көп колдонулган төрт убада төмөнкүлөр:

Ышайа 41:10: «Коркпо, анткени Мен сени мененмин, үрөйүңдү учурба, анткени Мен сенин Кудайыңмын. Мен сени бекемдейм, сага жардам берем. Мен сени Өзүмдүн адилеттигимдин оң колу менен колдойм».

Филипиялыктар 4:19: «Менин Кудайым силердин бардык кем-карчыңарды Машаяк Ыйса аркылуу Өзүнүн даңктуу байлыгы менен толуктайт».

Ошондой эле, Филипиялыктар 3-бөлүм 8-аяттагы ачык айтылбаган убада: «Теңирим Машаяк Ыйсаны таанып билүү артыкчылыгы үчүн башка нерсенин баарын пайдасыз деп эсептейм»

Анан, албетте, Матай 5:8: «Жүрөгү таза адамдар бактылуу, анткени алар Кудайды көрүшөт».

Убадалардан куралган өзүңүздүн курал-жарагыңызды дайыма көбөйтүп туруңуз. Бирок Кудай сиздин жашооңузга бата катары берген бир нече убада да дайыма эсиңизде болсун. Эскилерди да колдонуңуз жана ар күнү эртең менен бир күнгө керектүү болгон жаңы убаданы издеңиз.

«Ыйыктык үчүн болгон күрөштө таасирдүү деп табылган кээ бир курал-жарактар» аттуу насааттан үзүндү