1-март: Биздин сооронучубуз кайдан келет?

Jakshy Kabar Media

1-март: Биздин сооронучубуз кайдан келет?

Жон Пайперден насаат сөз

«(Пилат) Кайра ак сарайга кирип, Ыйсадан: “Кайсы жерденсиң?” – деп сурады. Бирок Ыйса ага жооп берген жок. Ошондо Пилат ага: “Мага жооп бергиң келбейби? Сени айкаш жыгачка кадатуу да, бошотуп жиберүү да менин колумда экенин билбейсиңби?” – деди. Ыйса ага: “Асмандан берилбесе, Менин үстүмдөн эч кандай бийлик кыла алмак эмессиң. Ошондуктан Мени сенин колуңа салып берген адамдын күнөөсү көбүрөөк”, – деп жооп берди».

Жакан 19:9-11

Пилаттын Ыйсаны айкаш жыгачка кадата алган бийлиги Ыйсаны коркута алган эмес. Эмне үчүн?


Себеби Пилат өз бийлиги жөнүндө жалган айтты дегенге болбойт. Анын Ыйсаны айкаш жыгачка кадатканга бийлиги жок эле дегенге да болбойт. Анда чындап эле бийлик бар эле.
Анын бийлигинин Ыйсаны коркута албаганынын себеби ага бийлик бирөө тарабынан берилгендигинде эле. Ыйса ага: «Асмандан берилбесе, Менин үстүмдөн эч кандай бийлик кыла алмак эмессиң», – деген. Демек, ал чындап эле бийликке, болгондо да аз эмес, көп бийликке ээ болгон.


Анда эмнеге Ыйса анын бийлигинен корккон эмес? Пилаттын колунда жөн эле Ыйсаны өлтүрө алган бийлик болгон эмес. Кудай Өзү ага Ыйсаны өлтүрө турган бийлик берген.
Мунун Ыйсаны коркута албаганынын себеби Пилат Ыйсанын үстүнөн болгон өз бийлиги менен Кудайдын бийлигине баш ийгендигинде эле. Ошол маалда Ыйса Пилаттын бийлиги алсыз болгонунан эмес, анын бийлигин Кудай башкарып турганынан сооронуч алган. Ыйсанын сооронучу Пилаттын ага эч кандай коркунуч туудурбаганында эмес, Пилатты Анын Атасы башкарып тургандыгында болгон.


Демек, биздин сооронучубуз биздин душмандарыбыздын алсыздыгынан келбейт, алардын үстүнөн биздин кудуреттүү Атабыз бийлик жүргүзгөнүнөн келет.


Римдиктер 8-бөлүм 35-37-аяттардын маңызы ушунда. Кайгы, кысымчылык, куугунтук, ачкачылык, жылаңачтык, коркунуч жана кылыч бизди Машаяктан ажырата албайт, себеби «мунун бардыгын бизди сүйгөн Кудайдын күчү менен жеңебиз».


Пилат (жана Ыйсанын башка бардык душмандары, ал эле эмес, биздин душмандар да) жамандык каалаган. Бирок Кудай аны жакшылыкка айландырган (Башталыш 50:20). Кудай берген бийликке ээ болгон Ыйсанын бардык душмандары жөнүндө мындай айтылат: «Алар Сенин күчүң жана чечимиң менен алдын ала белгиленген нерсени орундатыш үчүн чогулушту» (Элчилердин иштери 4:28). Алар күнөө кетиришти. Бирок алардын күнөөсү аркылуу Кудай Өз куткаруусун ишке ашырды.


Ошондуктан сиздин денеңизди гана өлтүрө алган душмандарыңыздан коркуп-үркпөңүз (Матай 10:28). Мунун себеби алардын колунан ушул эле келгенинде эмес, сиздин Атаңыз аларды көзөмөлдөп, Өз колу менен башкарып тургандыгында (Лука 12:4).


«Беш таранчы эки ассарийге эле сатылат эмеспи. Ошондой болсо да Кудай алардын бирин да унутпайт. Ал эми силердин башыңардагы чачыңар да саналуу. Ошондуктан коркпогула, силер топ таранчыдан кымбатсыңар» (Лука 12:6-7).


Пилаттын колунда бийлик бар. Иродтун колунда бийлик бар. Жоокерлердин колунда бийлик бар. Шайтандын колунда бийлик бар. Бирок алардын эч кимиси көз карандысыз бийликке ээ эмес. Алар бийлигин толугу менен Бирөөдөн алат. Алар баары Кудайдын эркине баш ийишет. Коркпоңуз. Сиз кудуреттүү Атаңыздын алдында кымбатсыз. Эч бири унутулбаган канаттуулардан да алда канча кымбатсыз.

«Эмне үчүн Ыйса Пилаттан корккон эмес» аттуу насааттан үзүндү