28-февраль: Толук жана биротоло акталуу

Jakshy Kabar Media

28-февраль: Толук жана биротоло акталуу

Жон Пайперден насаат сөз

«Кудай тандап алгандарды ким айыптайт? Аларды Кудай Өзү актайт».

Римдиктер 8:33

Пабыл бул аятта: «Кудай тандап алгандарды ким айыптайт?» дегендин кийин: «Эч ким! Биз акталдык», – деп айтса да болмок. Бул туура. Бирок Пабыл башка нерсени айтып жатат. Ал өз суроосуна: «Кудай өзү актайт», – деп жооп берип жатат.

Ал акталууга эмес, ким актаганына басым жасап жатат.

Эмне үчүн? Себеби «актоо» деген сөз тиешелүү болгон сот жана мыйзамдар дүйнөсүндө бир соттун актоо өкүмү андан жогору турган сот тарабынан жокко чыгарылышы мүмкүн.

Ошондуктан суроо пайда болот: жергиликтүү сот айыптуу болгон сизди актаса да, аймактын башчысы сизге кайра айып такканга укуктуу болсо эмне болот? Аймактын башчысы айыптуу болгон сизди актаса да, өлкөнүн башычысы сизге кайра айып такса эмне болот?

Кептин төркүнү мында: Кудайдан өйдө болгон эч бир сот жок. Эгерде Кудай Өзү актап жатса, б.а. сизди Өзүнүн алдында адил деп эсептеп жатса, анда эч ким Ага каршы чыга албайт; Аны эч ким туура эмес өкүм чыгаргандыкта айыптай албайт; эч ким сот акыйкатсыз өттү деп айта албайт; эч ким сизге башка айыптарды тага албайт. Кудайдын өкүмү акыркы жана биротоло чыгарылган өкүм болуп саналат.

Ыйсага ишенген, Машаяк менен бириккен жана өздөрүн тандалгандар деп эсептегендер, баарыңар кулак салгыла: Кудай Өзү силерди актады. Адамдык сот актаган жок. Улуу пайгамбар актаган жок. Асмандан келген башкы периште актаган жок. Кудай, дүйнөнүн Жаратуучусу, баарынын Ээси, аалам жана андагы ар бир молекула жана адамдын Өкүмдөры Өзү силерди актап жатат.

Пабылдын айтайын дегени бул: сиз катуу азапка кабылганыңызда, бул актоо сизге бекем коопсуздук берет. Эгерде Кудай биз тарапта болсо, эч кимдин бизге каршы жасаган иши ийгиликтүү болбойт. Эгерде Кудай биз үчүн Өз Уулун берген болсо, анда биз үчүн жакшы болгон бардык нерселерди да берет. Эгерде Кудай бизди Өзү актап жатса, Анын өкүмүн башка эч бир айыптоо жокко чыгара албайт.

«Бизди Кудай Өзү актайт!» аттуу насааттан үзүндү