27-февраль: Кайра тирилүүнүн жашоону түп тамыры менен өзгөрткөн таасири

Jakshy Kabar Media

27-февраль: Кайра тирилүүнүн жашоону түп тамыры менен өзгөрткөн таасири

Жон Пайперден насаат сөз

«Эгерде Ыйсага ушул жашоодо гана үмүттөнүп жатсак, анда биз эң бактысыз адамдарбыз».

1 Корунттуктар 15:19

Саат сайын кооптуу жагдайларга кабылган, күн сайын өлүмгө баш байлаган жана жырткычтар менен күрөшкөн Пабыл өзү өлгөндөрдөн тирилбей турган болсо, анда өз жашоосун Ыйсанын артынан ээрчүүгө бекер короткон акылсыз жана байкуш адам болмок экенин айтат.

Эгерде өлүмдөн кийин жашоо жок болсо, «анда ичип-жейли, баары бир өлөбүз да», – дейт Пабыл (1 Корунттуктар 15:32). Бул кайра тирилүү болбосо, баарыбыз жатып ичер жана аракеч бололу (б.а. бузукулукка ашыра берилип кетели) дегенди билдирбейт. Кайра тирилүү болобу же жокпу, аракечтик өзү да адамды байкуш кылат. Пабылдын айтайын дегени бул: эгерде кайра тирилүү жок болсо, жашоонун маңызы – чектен өтө чыкпай эле орточо жашоодон болушунча ырахат алып жашоо (болушунча ыңгайлуу жашоо издөө).

Бирок Пабыл андай жашоону тандабайт. Ал азап чегүүнү тандайт, себеби ал тил алчаактыкты тандаган. Пабыл Дамаскка бара жаткан жолдо Машаякка жолуккандан кийин, Анания деген киши ага келип, Ыйса Теңирдин сөзүн айткан: «Менин ысымым үчүн канчалык азап чегүүсү керек экендигин Мен ага көргөзөмүн» (Элчилердин иштери 9:16). Пабыл ушундай азап чегүүнү өзүнүн кызматынын бир бөлүгү катары кабыл алган.

Пабыл кандайча ушундай нерсеге жөндөмдүү болгон? Ага толук жана азап-тозокко кабылса да баш ийгенге эмне күч берген? Жоопту 1 Корунттуктар 15-бөлүм 20-аяттан тапсак болот: «Бирок Машаяк өлгөндөрдүн арасынан биринчи болуп тирилди». Башкача айтканда, Машаяк кайра тирилгендиктен, Пабыл да өзү Аны менен кошо тирилерин билген. Ошондуктан Ыйса үчүн чеккен эч бир азап текке кетперин билген (1 Корунттуктар 15:58).

Кайра тирилүүгө болгон үмүт Пабылдын жашоо жолун толугу менен өзгөрткөн. Ал материализм жана өз кызыкчылыгын биринчи орунга коюудан бошонгон. Мындай үмүт ага бүгүнкү күндө көп адамдар кадыресе нерсе катары көргөн ыңгайлуу жана жыргал жашоодон баш тартканга күч берген. Мисалы, ал үйлөнгөнгө укуктуу болсо да мындай жыргалчылыктан баш тарткан, себеби ал көп азап чегүүгө чакырылган эле(1 Корунттуктар 9:5).

Ыйса кайра тирилүүгө болгон үмүт биздин жүрүм-турумубузду ушундай өзгөртүшү керектигин айткан. Мисалы, Ал бизди үйүбүзгө бул жашоодо биздин жакшылыгыбызды кайтарып бере албай турган конокторду чакырганга үндөгөн. Мындай ишке ниетти кантип тапсак болот? [Жооп: кайра тирилүүгө болгон үмүттөн] «Анткени сенин тиешең адил адамдар тирилгенде берилет» (Лука 14:14).

Толук өзгөрүүгө үндөгөн бул чакырык бизди азыркы жашообуз жөнүндө олуттуу ой жүгүртүп, төмөнкү суроолор жөнүндө ойлонгонго түртөт: Кайра тирилүүгө болгон үмүт жашообузга толук таасирин тийгизип жатабы же жокпу? Биз чечимдерди чыгарганыбызда, бул дүйнөдө ала турган сыйлыкка кызыгып жатабызды же о дүйнөдө ала турган сыйлыкка кызыгып жатабызбы? Сүйүү үчүн биз кайра тирилүү болгондо гана түшүнсө боло турган тобокел иштерге барып жатабызбы?

Кудай бизге өз үмүрүбүздү Ага кайра арнап, кайра тирилүүнүн биздин жашообузду түп тамыры менен өзгөртүшүнө өмүрүбүздүн аягына чейин жол бергенге жардам берсин.

«Кайра тирилүүнүн толук өзгөртүүчү күчү» аттуу насааттан үзүндү