26-февраль: Кудай качан толугу менен биз тарапта болуп калат?

Jakshy Kabar Media

26-февраль: Кудай качан толугу менен биз тарапта болуп калат?

Жон Пайперден насаат сөз

«Бир кезде мындай адамдардын арасында биз да дененин каалоолорун аткарып, оюбузга келгенди кылып, денебиздин күнөөлүү каалоолору боюнча жашачубуз, башкалар сыяктуу эле табиятыбыз боюнча Кудайдын каарына кала турган адамдардан болчубуз».

Эфестиктер 2:3

Биз татыктуу болгон Кудайдын бардык каары жана жазасы Ыйсанын үстүнө төгүлгөн. Кудайдын жеткилең адилеттүүлүгүнүн бардык талаптары Машаяк аркылуу аткарылган. Биз ушул Баалуулукту (ырайым аркылуу!) көрүп, Аны ушундай мааниде кабыл аларыбыз менен, Анын өлүмү биздин өлүм болуп эсептелип, Анын жазаланышы биздин жазаланганыбыз болуп эсептелип, Анын адилдиги биздин адилдик болуп эсептелип калат жана ошол маалда Кудай толугу менен жана биротоло биз тарапта болуп калат.

Анда суроо пайда болот: Ыйык Китепте Кудай бизди дүйнө жарала электен мурун эле тандап алып, бизге ырайымын көрсөтпөдү беле?

Башкача айтканда, терең ойлонгон адамдар: «Кудай биз ишеним аркылуу Машаяк менен биригип, акталган маалда гана толугу менен биз тарапта болуп калдыбы? Дүйнө жарала электен мурун эле бизди тандап алганда эле Ал толугу менен биз тарапта болуп калбады беле?» – деп сурашат. Пабыл: «Биз Кудайдын алдында сүйүүдө ыйык жана кемчиликсиз болушубуз үчүн, Ал бизди дүйнө жарала электен мурун Машаяк аркылуу тандап алып, Өз каалоосу жана жакшы тилеги боюнча Ыйса Машаяк аркылуу Өзүнө бала кылып алууну алдын ала белгилеп койгон», – дейт эмеспи (Эфестиктер 1:4-5).

Анда Кудай дүйнө жаралгандан мурунтан бери эле толугу менен тандалгандар тарапта экен да? Мунун жообу «толугу менен» деген сөздөрдөн көз каранды.

Мен «толугу менен» деген сөз менен Ыйык Жазууда бир нече жерде жазылган чындыкты толук сактаганга аракет кылып жатам. Мисалы, Эфестиктер 2-бөлүм 3-аятта Пабыл машаякчылар Ыйса Машаяк аркылуу өмүргө ээ боло элекке чейин «Кудайдын каарына кала турган адамдар» болгонун айтат: «Бир кезде мындай адамдардын арасында биз да дененин каалоолорун аткарып, оюбузга келгенди кылып, денебиздин күнөөлүү каалоолору боюнча жашачубуз, башкалар сыяктуу эле табиятыбыз боюнча Кудайдын каарына кала турган адамдардан болчубуз».

Пабылдын айтайын дегени бул: биз жаңы өмүргө ээ боло элекке чейин, б.а. Машаяк менен бирге тирилтиле электе, Кудайдын каары биздин үстүбүздө эле. Тандалгандар катары биз Кудайдын каарынын астында элек. Кудай бизди Ыйса Машаякта тирилтип, ойготуп, бизге Машаяктын чындыгын жана сулуулугун ачып бергенде жана биз Машаякты биз үчүн өлгөн, бизди Өзү менен бириктирүү аркылуу бизге адилдигин берген Куткаруучу катары таанып калганыбызда, биздин жагдайыбыз өзгөргөн. Ага чейин биз Кудайдын каарынын астында болчубуз. Анан биз Машаякка ишенип, Аны менен бириккенибизде, Кудай Өз каарын кайтарып, толугу менен биз тарапта болуп калган.

Ошондуктан Кудай сизди сактайт деген чындыктан кубаныч алыңыз. Ал сизди сапарыңыздын аягына жеткирет, себеби Машаякта Ал толугу менен сиз тарапта. Андыктан сиз сапарыңыздын аягына чыккандан кийин гана Кудай толугу менен сиз тарапта болуп калбайт. Ал азыртан эле толугу менен сиз тарапта болгону үчүн, сиз сапарыңыздын аягына жетесиз.

«Кудай качан толугу менен биз тарапта болуп калат?» аттуу насааттан үзүндү